Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Наргиза САДАРБАЕВА: “Макияж колдонгон айымдарга бырыш бат түшөт. Эмне кылуу керек?..”

Наргиза САДАРБАЕВА: “Макияж колдонгон айымдарга бырыш бат түшөт. Эмне кылуу керек?..”

23-октябрь, 12:59
1 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам аракет кылса дайыма анын үзүрүн көрөт, эч качан артка кылчайып карабай, алдыга умтулган гана адам ийгиликтин өтөөсүнө жетерин Наргиза Садарбаева далилдей алды. Анын ийгилиги башкаларга сабак болушу үчүн Наргиза айым сырлары менен бөлүштү.

-- Мен башкалардай болуп ЖОЖдордо окуп, жогорку билим алууну деле көксөгөн эмесмин. Элге керектүү, дайыма каражат таба турган кесипти аркалагым келчү. Мектепти аяктаганда эле атайын чачтарачтын курсун аяктадым. Алгачкы эмгек жолумду Бишкектеги кадимки эле Ош базарына жакын жайгашкан  салондордун биринде иштедим. Ал жакта мыкты мастерлер бар экен, мага көп нерсени үйрөтүштү. Ишти сапаттуу аткарсаң кардарлар көп болот. Бир-эки айдан кийин эле мага өзүмдүн кардарларым келе башташты, алар досторун, тааныштарын ээрчитип келишет. Ошентип,  ал жерде төрт жыл иштедим. Турмушка чыгып балалуу болгондо да чакырып атышты, кээде мага чачтарын кырктырып жүргөндөр жаңы конуштагы үйүмө чейин келип жүрүштү. Балдарым кичине, аларды таштап башка жумушка кире албай калдым. Акча да табыш керек эле. Анан ойлондум, биз жашаган Алтын-Ордо жаңы конушунда эч кандай чачтарач, сулуулук салону жок, балким ачсам эл келеби дедим.  Менин тажрыйбам бар, чач кыркканым көпчүлүккө жакчу. Мен аялдардын да, мырзалардын да чачын кырка алам, жасалгалайм.

-- Жаңы конуштагы салонду кантип ачып калдың?

-- Адегенде эски эле павильонду ижарага алып, бир күзгү, бир стол сатып алдым. “Кандай болот, ишим жүрүшөбү, эл келеби, болобу-болбойбу...” деп ойлодум. Бирок   ишим аябай жакшы жүрүшүп кетти. Ал павильонду төрт жылдай иштеттим. Биринчи айда эле кардарлар аябай көбөйүп, жаңы конуштагылардын дээрлик бардыгы биздин кичинекей эле салонго келе башташты. Мен ойлогом,  “бир ай эле иштетип көрөм, эгер экинчи айда ишим болбой калса жаап салып, шаарга келип эле мурдагыдай чач тарач болуп иштей берем” деп. Жакшы мастерлер келе башташты, алар менен иштештим. Мурда жалгыз иштесем, азыр бир нече мастер иштейт. Азыр ишимди кеңейтип, жанынан эле бир жерди мыйзамдаштырып ижарага алып, чоңураак салон ачтым.

-- Салондо  кандай кызматтарды көрсөтөсүздөр?

-- Учурда салондо баардык шарт бар, маникюр, педикюр, каш боёйм, кирпик узартабыз, тырмакты коштуруп, шеллак кылып боёйбуз, андан тышкары чачтын бардык түрүн жасалгалап, профессионалдык денгээлде айымдарды сулуулап макияж жасайбыз. Биздин   жаңы конуштагы тойго, ар кандай иш-чараларга барчу айымдардын баары биздин салонго келишет. Анткени баасы Бишкектеги салондорго салыштырмалуу  арзан, бирок сулуулаганы, макияж, чач жасалгалоо алардыкынан да  мыкты деп келген кардарлар мактап жана атайын Бишкектен бизге келгендер да бар. Биз ар бир кардардын оюн аткарууга аракет кылабыз, ошондуктан алардан “жакпай калды” деген сөздү уккан эмеспиз. Келгендердин баары ыраазычылык билдирип, тескерисинче, досторун, тааныш туугандарын алып келишет. Баасы да кымбат эмес дешет. Чынын айтканда  Бишкектен эле эмес, Нарын, Токтогул, Таластан бери келген кардарларыбыз бар. Мисалы, Нарынга, Токтогулга  акыркы коңгуроодо, ар кандай маданий иш-чараларга чакырып, жол киремди төлөп беришет. Айымдарды сулуулап, макияжын жасап, кайра келе берем. 

-- Сизге ар кандай айымдар келишет да, аларга кандай кеңеш айтасыз?

-- Сулуу эмес айым болбойт, болгону өзүнө кам көрбөгөн айымдар болот. Ошондуктан  айымдар өз келбетине кам көрүүдөн эч качан эринбеш керек. Кечинде айрым аялдар бетиндеги макияжын жуубай эле жатып алышат, бул териге абдан терс таасирин тийгизет. Мисалы, мен башынан эле дайыма бетиме кам көрөм, бирок өтө кымбат кремдерди колдонбойм. Канчалык өзүнө кам көрүп, өзүн жакшы көргөн айымдар дайыма сулуу жана   жаш курагынан алда канча жаш көрүнөт. Макияж колдонгон айымдарга бырыш бат түшөт, ошондуктан ар кандай пайдалуу маскаларды колдонуусу зарыл. Азыр интернет деген бар, адамдын терисине жараша маскаларды таап, өздөрү эле  жасап алса болот. А биз айымдарды сулуулаганда алардын бетинин өңүнө жараша кремдин тондорун беребиз, аллергия болбош үчүн кымбат косметикаларды алабыз. Ошондуктан   бизге кардарлар көп келишет. “Силердики чынында эле мыкты” деп айтышат. 

-- Бир айда канча киреше табасыңар?

-- Канча киреше табарымды айтпай эле коёюн,  жашыруун  болсун, бирок Кудайга шүгүр, баарына жетет. Үч уулубуз бар, жолдошум да ремонт иштерин жасап иштейт. Менин жумушум дайыма болуп турат, кээде таңкы саат жетиден түнкү 12ге чейин иштеген күндөр да болуп калат. Эч качан иштен качпайбыз. Чачын же келбетин жасаткысы келген айымдар адегенде мастердин өзүн карайт. Эгер жүдөгөн, келбетине кам көрбөгөн айым аны сулуулайм десе  ага кантип ишенет? “Элди сулуулаганды коюп, адегенде өзүн сулуулап албайбы” деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан мастерлер өзүбүз да сулуу, тыкан болушубуз керек. Мени көргөн кардарларым “жаш көрүнөт экенсиз, үч баласы бар деп эч ким ойлобойт” дейт. Учурунда башка бирөөнүн салонунда иштесем, эми өзүмдүн салонумду иштетип, кыялыма жеттим, аракет кылсаң сөзсүз берекеси болот, ал үчүн эмгектенүү керек. Негизи, алдына максат коюп, “бай болом” деген адам сөзсүз тилегине жетет.


Зарина МЕЛИСОВА

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер