Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Жоошев: “Тажикстанга карата эл аралык сотто тергөө жүргүзүүгө тоскоолдуктар бар”

Замир Жоошев: “Тажикстанга карата эл аралык сотто тергөө жүргүзүүгө тоскоолдуктар бар”

17-июнь, 20:40
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Замир мырза, 14-июнда эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасынан Кыргызстандын юристтеринин Тажикстандын агрессиясына карата кайрулуусун каттоо жөнүндө тастыктоочу кат жөнөткөнү маалымдалбадыбы. Муну иштин жарымы, мындан ары эл аралык сотто Тажикстанга карата иш козгоо мүмүкүнчүлүгү бар десек болобу?

-- Кайрылуу кабыл алынгандан кийин негизи тергөө жүрүшү керек. Бирок, бизде Рим статусу деген эл аралык келишим кабыл алынган эмес. Ал эл аралык жазык сотунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү мыйзам болуп саналат. Ошол себептен эл аралык соттун прокурорунда тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаралат го. Эми практикада кандай болорун убакыт көрсөтөт.   

-- Эгер иш козголуп калып, Тажикстандын агрессиясы аныктала турган болсо, ал өлкөгө карата кандай чечимдер кабыл алынышы мүмкүн?

-- Анда алар Гаага сотунда соттолот. Рим статусу боюнча кылмыш кылган конкреттүү адамдарды камоого мүмкүн. Ал эми чыгымдарды төлөө ошол мамлекетке жүктөлөт. 

-- Буга карата президенттин аппараты тарабынан берилген комментарий тууралуу дагы оюңузду айтсаңыз? Биздин юристтердин эл аралык сотко кайрылуусу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңалышына чын эле себепчи болушу мүмкүнбү?

-- Менин жеке оюмда, алар тараткан пикир логикага жатпайт. Кандайдыр бир эл аралык оор кылмыштарга карата көз жумуп коюу туура эмес. Күнөөкөрлөр жоопко тартылышы керек. Ошон үчүн биздин Жогорку Кеңеш Рим статусун кабыл алып, ошол аркылуу өлкөнү коопсуз абалга алып келсе болот. Ал жерде эгер башка өлкөлөр кол сала турган болсо, эл аралык сот кийлигишүүгө мүмкүн да. Аны сезген кошуналар дагы ойлонуп иш кылышмак.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер