“Өкмөттүн кышка даярдыгы начар экенин ачык айталы”
-- Өкмөттүн кышка даярдыгына кандай баа берсек болот? Электр энергиясынын тартыштыгы, көмүрдүн кымбаттыгы каржалып турган элди кыйнабайбы? Социалдык көйгөйлөр саясый чыңалууга негиз түзбөйбү?
Руслан Жакышов, ЖК депутаты:
-- Бүгүн өкмөт мүчөлөрүн жана министрлер кабинетинин башчысын жыйынга чакырып, кышкыга даярдыгын сурап жатабыз. Баары даярдык жакшы экенин айтышты. Эң негизгиси “көмүр кымбаттабайт, көгүлтүр от да, электр энергиясы дагы өчпөйт. Кепилдик беребиз” дешти.
Бейшенбек Абдыразаков, экс-депутат:
-- Өкмөт “кышка даярбыз” деп жатат. Ошондой эле болсун. Бирок кыш каарын төгөбү, же жылуу болобу, ким билет? Кыштан аман-эсен чыгууну баарыбыз Кудайдан тилейли. Анткени, кыйынчылыктар көп. “Көйгөй жок, баары чечилген” деп айтуу туура эмес. Мисалы, электр энергиясы жетпейт. Казакстандан, Өзбекстандан алабыз, эгер алардын өзүндө оор кырдаал болуп калса, бизге бералбай калышы мүмкүн. Ошол учурда бизде план “Б” болуш керек, баардык оор кырдаалды эске алып, ага даярдансак, жеңил жагы өзү келет.
Көмүрдүн кымбаттыгы элди кыйнашы мүмкүн, жакыр жашагандарга өкмөт бекер таратышы керек. Андан башка да социалдык кыйынчылыктар арбын. Азык-түлүктүн кымбатташы, жумушсуздук, жакырчылык, ички-тышкы миграция – мунун баарын өкмөт эске алып, “баары жакшы” дей бербей, ар кандай кырдаалга даяр турушу зарыл!
Мавлян Аскарбеков, активист:
-- Кышка даярдык кандай болгонун бир-эки айда эл жонтериси менен сезет. Фактыларды анализдөө менен “кышка даярдык начар” деп эле ачык айтсак болот. Мисал келтирейин: энергетика министрлиги Кара-Кече көмүрүн сатууга тыюу салып, эртеси кайра уруксат берди. “Электр энергия таңкыстыгы болбойт” деп, эми техникалык өчүрүүлөр кайталанарын айтты. Майнинг компаниялар иши күчөп, “мынча салык төлөдү” деп мактанып, суу сактагычтар какшып калганын Кудайга шылташты. Күзгү оруп-жыюу иштери учурунда күйүүчү майлардын кескин кымбаттаганы өкүндүрдү. “Кыргызстан боюнча 15 мини ГЭС салынууда” деп элди алдаганын Жанар мырза аныктады. Тамак-аш азыктарынын баасынын кескин өсүшү, айрыкча ундун баасы элди түйшөлттү. Элдин терисин тескери сыйрыган салык саясаты, ж.б.у.с. маселе, фактылар иштин чабал жүрүп жатканын көрсөтөт. Саясатчы, активист, журналисттердин оозун жаап, камап салганда эле жогорудагы маселелер чечилип кетпейт. “Казынаны мынчага көбөйттүм, салыкты ашыгы менен чогулттум, пособие, пенсияга коштум” дегени – бул жыйынтыктуу реформа, элдин социалдык абалын оңдоо эмес.
Жогоруда айтылган фактыларды эл күндөн-күнгө түшүнүп, көрүп, сезип жатат. Канчага чейин чыдап отурушары белгисиз...