Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Организмди тазалоочу өтө пайдалуу жер-жемиштер

Организмди тазалоочу өтө пайдалуу жер-жемиштер

13-декабрь, 18:47
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Авокадо

Бизге түштүктөн келчү бул жемиштин баалуу касиетин тилекке каршы көпчүлүк биле бербейт. Бул жемиш өзүнүн курамына организмдеги көп оорулар менен күрөшүүчү эң сонун глутатион аттуу затты камтыйт. Бул зат ракты пайда кылуучу 40ка жакын канцерогендерди курчоого алып, организмди коргойт жана боорго күч келүүнүн дагы алдын алат. Ошондой эле кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, терини кычкылтек менен камсыз кылып турат. Авокадону чийки кезинде, кургатылган түрүндө же май катары колдонуу менен жогоруда саналган пайдалуулуктарын көрө аласыз.

Кызыл кызылча

Бизде кенен өскөн жашылчалардын бири – кызыл кызылча. Ал организмди тазалоочу №1 жашылча. Биринчиден, ал курамына клетчатка, фосфор, жез, С витамини сыяктуу көптөгөн органикалык кычкылдарды камтыйт. А мунун баары тамак сиңирүүчү жана ашказандагы "чиринди" бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ. Экинчиден, анын курамында боорду токсиндерден арылтуучу зат бар. Үчүнчүдөн, кызыл кызылчанын курамында жаңы клеткаларды пайда кылуучу фолий кислотасы жана чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшыртуучу микроэлементтер бар. Ошондуктан кызылча организмди жашартуучу касиетке ээ. Кызыл кызылчанын мындай артыкчылыктарын өз ден соолугуңузга пайдаланууну кааласаңыз, борщко, салатка кошуп, болбосо шире түрүндө колдоно берсеңиз болот.

Клюква

Клюква – табарсыкты жана заара чыгаруучу жолдорду зыяндуу бактериялардан натыйжалуу тазалоочу табияттын эң күчтүү антибиотиги жана вируска каршы мыкты каражат. Мындан сырткары, бул жемиш рак клеткаларынын пайда болуусун, кан тамырларга кан уюп калуунун алдын алат. Аны күнүмдүк тамактанууда чийкилей жегенден тышкары шире түрүндө же кыям кылып пайдалансаңыз болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер