Башымдан өтүп жатканды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Үч ай мурун башымдан операция болдум. Азыр ызы-чууга чыдай албайм. Жатам, жакшы кыймыл да боло элек. Күйөөмдүн чыныгы жүзү эми байкалды. Каалаганда келет, кээде жок болуп кетет. Телефону дайыма өчүк (андай учур болгон эмес эч качан). “Бул ооруп калды, эми эмне кереги бар?” деп калды го... Жолдошум жүз пайыз өзгөрдү десем болот. Адамды башыңа кыйынчылык түшкөндө билет экенсиң. Азыр бир маал социалдык тармактарга кирип окуп калам. Мага окшоп ыйлаган айымдар көп. Жашоонун түрдүү запкысын, сыноосун тарткандар бар. Жаш кезибизде жаңылбай, адашпай, туура жолду табалычы! Жарык дүйнөдө жакшы адамдар көп болсунчу!