БШК президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын “анык эмес” деп тааныды
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын “анык эмес” деп тааныды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
7-декабрдагы жыйында шайлоо фондунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы төлөө күнүнө чейин даярдалган президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын “анык эмес” деп таануу чечимин кабыл алды.
“Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат” деп жазылат маалыматта.
БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, Чороевдин шайлоо фонду 2020-жылдын 11-ноябрында ачылган. Кол коюу барактарын даярдоо үчүн акы төлөө талапкер Чороевдин шайлоо фондусунун каражатынан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгөн.