Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсенгул АЛИЕВ: “Усубалиев менен Косыгинге подноско коньяк куюлган рюмкаларды, закуске алып келдим...”

Эсенгул АЛИЕВ: “Усубалиев менен Косыгинге подноско коньяк куюлган рюмкаларды, закуске алып келдим...”

23-октябрь, 14:26
3 403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каарманым персоналдык пенсионер, айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик жана партиялык жетекчи... Эсенгул аксакал колтугуна шахмат тактаны кыстарып, Эркиндик гүлбагында эс алып жүрүптүр, кепке тарттым. Бу киши СССРдин адамы. 85 жаштын мизин майтарып коюптур. Эсимде калганы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 1974-жылдан 1980-жылга чейин Кыргызстан КП Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы болуп иштеп турган кези. Эски кишилерден бирдеме сурадың дегиче, жарым кылым мурдагы тарыхтан баштайт эмеспи. Кеп сакталган каптын оозун ачып жибердик...  

-- Эсенгул аба, сиз өткөн кылымдын 73-жылы Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы болуп иштегенсиз. Турдакун Усубалиев агабыздын доорун сүргөн адамсыз. Ошондон кеп салыңыз?..

-- 1974-жылы Ысык-Көл районунун партиялык комитетинин биринчи секретары болуп иштегениме бир жыл болуп калган. 3-ноябрда СССР министрлер советинин төрагасы Алексей Косыгин Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнө 50 жыл толгондугуна байланыштуу биздин республикага келген. Өзү менен кошо союздук республикалардын биринчи секретарларынан, министрлер советинин төрагаларынан турган чоң делегацияны ала келди. Ошол кезде биздин азыркы “Манас” аэропорту курулуп жаткан. Эки самолет менен келишти – бири ИЛ-62, экинчиси – ЯК-42 самолету. Алар алдыңкы күнү ичинде жүргүнчүлөрү жок бош учуп келип аэропорттун учуу тилкесин бир сыйра сынап, сыпаттап кетишкен.

-- Ошондой “иттик” жайы бар беле?

-- Ооба, ошентишчү. Бул эми катардагы иш болчу. Анан Алексей Николаевич катышкан салтанаттуу жыйында анын бардык катышуучуларына эстелик белектер тапшырылды. Жакшынакай булгары портфелдердин ичине калемсап, блокноттор салынган экен, андан тышкары бирден радиоприемниктер тийди. Эртеси 4-ноябрда ал кезде Кыргызстанга келген коноктор үчүн салт болуп калгандай, Чолпон-Атага бара турган болуп калды. ЯК-40 самолету ал жакка да бир күн мурда учуп барып, аэропортко конуп, аны да сыноодон өткөрдү. Бирок, А.Косыгин автомашина менен барды. Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Усубалиев, Жогорку Советтин президиумунун председатели Т.Кулатов, министрлер советинин председатели А.Сүйүмбаев, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи секретары С.Ибраимов коштоп жүрүштү. Баса, Султан Ибраимович жубайы Рева менен барыптыр. Ал ошол топтун ичиндеги жалгыз аял болуп калды.

-- Ысык-Көл обкомдун биринчи катчысы Арстанбек Дүйшеев болсо керек эле?

-- Ал кезде Ысык-Көл облустук партиялык комитетинин биринчи секретары Арстанбек Дүйшеев, экинчи секретары Г.Чашкин болчу. Биз 3-ноя­брда Фрунзеде Борбордук комитеттин мейманканасында эртеси А.Косыгинди кантип тосуп алуу боюнча мурда сүйлөшүлгөндөрдү дагы бир жолу бышыктап алуу үчүн обкомдун биринчи секретары Арстанбек Дүйшеевичтин номерине чогулдук. Негедир облустун жетекчилери КП БКнын биринчи секретары Т.Усубалиев менен макулдашпастан эле Рыбачьеден тосуп алышмак болушат. Обкомдун экинчи секретары Чашкин “Салима Орозбаева өзү Баатыр эне, партиянын Рыбачье шааркомунун биринчи секретары тийешелүү адамдары менен тосушсун” деди. Ага Дүйшеев макул болуп, ошондой программа түзүп башташты, бирок аны Усубалиев менен макулдашууну ойлоп да коюшкан жок. А мен мындай программаны республикалык жетекчилер түзүшү керектигин эстеп, кийлигишпей турдум. Себеби, ага чейин мындай “конок тосмойго” катышып, билип калгам. 

Эртеси кортеж Чолпон-Атага жөнөп калды. Мындайда Турдакун Усубалиевич майда-чүйдөгө чейин көңүл бурчу. Мисалы, Косыгин ошол кезде 70 жаштан ашып калган, жолдо даараткана керек болуп калбасын деп Рыбачье менен Тамчынын ортосундагы талаага коммуналдык чарба министри К.Жуманалиевге ыңгайлуулуктары бар даараткана курдуруп жатпайбы. 

-- Ал даараткана азыр жок да?

-- Кийин Косыгин кеткен соң аны кайра бузуп алып кетишти. Рыбачьеге жеткенде кортеж тосуп турган элди көрүп, ылдамдыгын бир аз азайтып, бирок токтобостон түз кетип калды. Себеби, облус жетекчилери ал иш-чараларды республиканын жетекчилери менен макулдашпаса керек. Чолпон-Атага райондук аткаруу комитетинин төрагасы Мукаш Алмакүчүковду атайын эртелеп жөнөттүк эле, ал тосуп туруптур. Жакшылап тосоюн деп бир топ элди чогултуп, мектеп окуучуларын алып келип колдоруна гүл карматып, улуттук кийимдерди кийген кишилерге ат мингизип, колдоруна куш, бүркүт карматып, шаарга кире беришке тизип коюптур. Аларга да токтобостон резиденцияга кирип кеттик. 

-- Сиз ошол кортеж менен белеңиз?

-- Мен арткы машинада келе жаткам. Косыгинди резиденцияда 11-мамлекеттик дачага жайгаштырышты. Молдавия ССРинин КП БКсынын биринчи секретары Иван Бодулдун аты чыгып турган кези. Бодулдун бою абдан кичине экен, а бут кийминин такасы өтө бийик, аны туурап бүт республиканын чоңдору кийин бийик такалуу бут кийимдерди кийишти. Ал кезде “Москва”, “Токтогул” деген чоң теплоходдор жок кези. Республиканын илимдер академиясынын “Бэрг” деген катерин жасалгалап даярдаганбыз. Косыгин өзүн коштогон адамдары менен бир корпуста жайгашып, көпкө чейин чыккан жок. Султан Ибраимович ал ортодо мага карап, “мага жеткен маалыматтар боюнча теплоходдо тамак-аш, ичкиликтер аз болуп калыптыр” деди. “Султан Ибраимович, аны мен тейлебейм, министрлер советинин председателинин орун басары Моисеев жооптуу. Мен ал кишиге айтайын” дедим да барып айтсам, ал адатынча “баары жайында болот, кабатырланбаңыз” деп койду. Бир убактан кийин Косыгин чыкты. Катерге түшкөндөн баштап кайра келгенге чейин катердин палубасынын бир жеринде турган боюнча ордунан козголгон жок. 1974-жылдын 4-ноябрында көлдүн үстү суук. Косыгин шляпа, плащчан бир калыпта турган жеринен кыймылдаган жок. Турдакун Усубалиев “суук болуп кетти, бир нерсе ичпейлиби?” деп сунуш кылса да, “мен ичпейм, силер иче бергиле” деп сылык баш тартып койду. 

А беркилер катердин ичине кирип-чыгып отурушуп, тамак-аштын баарын түгөтөйүн деп коюптур. Анан бир убакта Т.Усубалиев кайра сурангандан кийин макул болду. Мен подноско коньяк куюлган рюмкаларды, закуске алып келдим. Катер Бостериге жакындап барып, кайра кайрылды. Музыка жаңырып турат, Султан Ибраимовдун аялы Косыгинди бийге чакырды. Экөө бийлешти. Анан мага Косыгин аркы өйүздөн кө­рүнгөн жарыктарды көрсөтүп, “тээтиги эмне болгон жарыктар, алыс эмес окшойт?” деп сурады. “Көлдүн аркы жээги, 50-60 чакырым, караңгыда жакын көрүнүп жатат да” дедим. Ошондо Грузиянын министрлер советинин председатели келген. Ал Косыгин менен жакшы таанышпы, айтор, “Алексей Николаевич, мен сизди жакшы сүзөт деп уккам. Канча чакырым сүзө аласыз?” дегенде, “чакырым менен билбейм, бирок суунун үстүндө 3 саат бою жүрө алам” деп жооп кайтарды.

-- Ал күнү Турдакун Усубалиевич менен жолуктуңузбу? 

-- Жолуктум. Кечинде Турдакун Усубалиевич “Алексей Николаевич “эл менин эмес, Леонид Ильич Брежневдин портреттерин көбүрөөк кө­төрсүн” деп жатат. Анан эртең элди көбүрөөк чыгаргыла” деди. Эртеси эртең менен көл жээгинде Косыгин, Усубалиев, Кулатов, анан мен болуп төртөөбүз туруп калдык, ошол кезде Косыгин “жээкти кимден тосуп жатасыңар? Элден коргонуунун кереги жок”  деди. Мен Усубалиевди карадым. Ал киши унчуккан жок. Жоопсуз калды. Анан суунун ичинен бир консерванын банкасын көрүп калып, “жолдош секретарь, мындай кылбай көлдү таза кармагыла” деп эскертүү жасады. Эртеси коноктордун алды эртелеп кете башташты. ЯК-40 самолету бир нече жолу каттады окшойт.   Программа боюнча коноктор эски аэропортко (азыркы “Ак-Кеме” мейманканасынын жаны) келишип, ошол жерден чогулуп, анан “Манас” аэропортунан учуп кетишмек. Облустун чоңдору да алдын ала кетип калышты. Анан Т.Усубалиев мени чакырып алып, “Алексей Николаевич “көчөдө киши болбосун” деп айтты” деди. Мен Алмакүчүковго айт­сам, ал “эми элди кантип таратабыз?” дейт. Азыр “нонсенс” деп коёсуңарбы?

-- Ал абалдан кантип чыктыңар?

-- “Эмне турасыңар, “Косыгин биринчи рейс менен кетип калыптыр” деп койгула” дедим. Айткандай эле өкмөттүк кортеж аэропортко кетип бара жатканда жол боюнда Косыгинди күтүп турган эл болгон жок. 

-- Эсенгул ага, сиз Косыгинди Чолпон-Атадан кетирбей туруңуз... 

-- Ии, эмнеге?

-- Менин эсимде. Косыгин шаардан кетип баратып бир үйгө кирген экен. Ошону айтпайсызбы?

-- Ооба, аны унутуп бараткан турбаймынбы. Чолпон-Атаны аралап бара жатканда жолдун боюнан күтүүсүз токтотуп, Косыгин машинадан чыкты. Мен дароо жанына жетип бардым. Ал четки бир үйгө кирип кетти. Ал убакта мындай жетекчилерди “карапайым” бир үйгө киргизүү күн мурунтан даярдалчу эмес беле? А бул жолу баары күтүүсүз болду. Көрсө, Косыгин жөнөкөй элдин турмушун көрөйүн деген экен. Ошондуктан сырткы көрүнүшү жупуну, чоң дарбазасы жок, эки бөлмөдөн турган, полу сырдалган, терезелери кичинекей, пардалары колго тигилген үйгө кирип жатпайбы. Короосу кичине, уй боктоп кетип тазалана элек, эртең менен эрте. Эшиктин алдын казып погреб салганга үстүнөн тактайдан көпүрө салып коюптур. Ошону басып Косыгин үйгө кирип кетти. Үйдө фанерадан жасалган бир шифоньер бар экен. Үй ээсинен бир нерселерди сурады, нан алып чыкты эле ооз тийди. Аэропортко барганда сүйлөшүп калдык. “Көргөн үй боюнча кандай ойдо калдыңыз?” десем, “Силердин эл Россиядагы элге караганда алда канча жакшы жашайт экен” деп жооп кайтарды. Косыгин ал жерден Фрунзедеги эски аэропортко барбай, түз эле “Манас” аэропортуна кетти. Тигил жактагы эл күтпөй, кете берүүгө тийиш экендигин айтып коюуну мага тапшырышты. Анткени Косыгин чоңдордун котолоп узатышын каалаган жок окшойт. Муну менен ал кишинин жөнөкөйлүгүн, шаан-шөкөттү сүйбөгөндүгүн байкадым. 

-- Косыгин кирген үй кимдики экен?

-- Косыгин жөнөп кеткенден кийин ал киши токтогон үйгө келдик. “Эмне үчүн планда жок үйгө токтоду экен?” десек, көрсө, жол бойлоп карап келатып, жакшы, типтүү салынган үйлөрдүн арасынан дарбазасы жок, жапыз, кичине үйдү атайын тандаган тура. Ал үйдүн ээси жесир аял, райкомдо иштеген Исабековдун кайненеси экен. Чыны менен кичине эки бөлмө, терезелери да кичине, сырдалган жыгач полу бар, ичи таза үй экен. Усубалиев райкомдун секретары Жаңыл Исаевага “силер элдин үйлөрүнө кирбейт турбайсыңарбы!” дептир. Анткени эртең менен уйду короодон чыгарып жатканда уй короого чычып кетиптир, тазалана электе Косыгин кирип жатпайбы. Мына ошол кезде, айрыкча Ысык-Көл районунун элинен үйлөрүн таза кармоого, көчөлөргө таштанды таштабоого, үйлөрдүн акталышына дайым талап койчубуз. Ал убакта чоңдор келерден бир күн мурда КГБнын председатели Жумабек Асанкулов атайын машина менен кыдырып, жол боюнда эмне кемчиликтер бар экенин кагазга түшүрүп, анан ал БК аркылуу бизге берилчү. Биз ал кемчиликтерди оңдочубуз. А азыркы чоңдор элдин кантип жашап жатканын карап да коюшпаса керек. 

-- Айтсаңыз, Косыгин Ысык-Көлдү көрүп кеткенинен кыргыздар эмне пайда тапты?

-- Пайдасы болду. Ошентип Ысык-Көлгө Косыгин келип кеткенден кийин 1975-1976-жылдары Москвадан КПСС БКнын бөлүм башчылары, министрлердин бир тобу, шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиондору Анатолий Карпов, Нона Гапрандишвили келип кетишти. “Аврора” ал кезде КПСС БКнын санаторийи болчу, борбордон келишкен коноктор негизинен ошондо эс алышчу. Бир-эки күн жумуштан кийин барып грузин кызы Нонага кезигип, аны менен бильярд ойнодум. Шахмат боюнча өтө кызыктуу окуяларды уктум. Кантип гроссмейстр болгондорун, айрыкча Фишер менен Спасскийдин дүйнөлүк чемпионатта кантип ойногондорун, Фишер Спасскийди такыр теңине албаганын, гонорар аз каралган деп биринчи партияга келбей койгонун, ФИДЕ конвертти ачып, оюнду баштап Фишер келбегендигинен убакыттан уттурду кылып, эки жолу Спасскийге 2 очко кошуп жазылганына карабай кийин Фишер утуп алганын кызыктуу айтып берди. Мына ушундай таржымалдарды мен Нона Гапрандишвилиден уккам...

-- Эсенгул аба, шахмат тактаңызды алып чыгыңыз. Бир партия ойнойлу да сөздү улайлы, кандай дедиңиз?

-- Мейли. Бир сураныч, мени көпкө ойлонтпо, жеңил жүрүштөрдү жаса...


(Уландысы бар) 

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер