Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм боюмдан улам алдырып салат. Мен төрөгүм келет, кантем?

Күйөөм боюмдан улам алдырып салат. Мен төрөгүм келет, кантем?

31-август, 23:07
987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошумдун экинчи аялы болом. Үч жылдан бери жашайбыз. Акыркы күндөрү кыйнала баштадым... Биринчи аялынан алты баласы бар. Мен башында күйөөмдү сүйүп калып, мээм айланып тийип алгам...

Убакыт өткөндө кийин баарын түшүнүп отурам, бирок эмне пайда? Эки жолу боюмдан түшүртүүгө күйөөм мажбурлап, аргасыз кылды. “Мага баланын кереги жок, сени менен секс үчүн гана жашайм” дейт. Көңүлүм ушунчалык калды. Баш көтөрбөй жашап келем. Мен төрөгүм келет. Балдарды чоңойтуп, энелик милдетимди аткарууга аракеттенсем да, аргасыздан андай бакытка жете албайм. Кантем? Андан кетип калууга эрким жетпейт, корком дагы. Келечегим эмне болот?..

Эмне үчүн күйөөм мынчалык таш боор? Жеке кумары үчүн оор күнөөгө батууда. Балалуу болуу үчүн кантип көндүрсөм болот?.. 


Сымбат К.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер