Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урбанизация – аймактарды өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу

Урбанизация – аймактарды өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу

28-февраль, 13:41
4 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Заманбап урбанизацияланган коом – бул интеллектуалдык ишмердүүлүктүн, инновациялардын, сооданын, маданияттын, илимдин жана социалдык өнүгүүнүн борборлору болуп, адамдын жашоосу үчүн комфорт менен ыңгайлуулукту жараткан коом. Учурда дүйнө жүзүндөгү калктын 55%ы шаарларда жашайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү технологиянын жетишкендигин пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бизде таза суу, электр энергиясынын жетишсиздиги сыяктуу элементардык көйгөйлөр орун алган. Тилекке каршы, өлкөдө ишке ашкан көптөгөн долбоорлор, улуттук программалар бул күнүмдүк көйгөйлөрдү чече алган жок.

2021-жылга карата урбанизациянын деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингине ылайык, Кыргызстан 195 мамлекеттин ичинен 155-орунда туруп, Вьетнам менен Гвинеянын ортосунда жайгашкан. Урбанизациянын индекси эң жогору болгон алдыңкы 25 өлкөнүн тизмесинде Сингапур, Бельгия, Япония, Кувейт, Катар, Израиль, Нидерландия, Дания, Швеция, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу жашоо деңгээли жогору чакан өлкөлөр кирген. Шаар калкы басымдуулук кылган өлкөлөрдө жашоонун сапаты жогору болуп, ыңгайлуу жашоонун шарттарына жетүүдө артыкчылыктар бар. 

Кыргызстанда айыл жеринде жашагандардын саны жалпы калктын 63,4%ын түзөт. Бул көрсөткүч шаар тургундарынын ыңгайлуу жашоо шарттары жеткиликтүү эмес экендигинин айкын көрсөткүчү. Бүгүнкү күндө республикада 31 шаар бар, ага 2 республикалык маанидеги, 12 облустук, 17 райондук маанидеги жана 9 шаар тибиндеги шаарлар кирет. Чындыгында, Кыргызстандагы көпчүлүк шаарларда жашоочулар менен көп кабаттуу үйлөрдүн саны аз. Шаардык инфраструктура каралбай, мектептер менен бала бакчалар жетишсиз. Чакан шаарлардын турмушу жалаң гана базарлардын айланасында өтөт.

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө бир дагы жаңы шаар же ири конуш курулган эмес. Сырткы жана ички миграциянын, өнөр жай ишканаларынын иштебей калуусунан улам көптөгөн шаарлар ээн калды. Алардын инфраструктурасы кыйрап, жараксыз абалга келүүдө. Жумуштун жоктугу, айылдардагы жашоо шарттын начардыгы негизинен Бишкек менен Ош шаарларында ички миграциянын күчөшүнө өбөлгө түздү. Кыргызстанда орун алган миграция бул эки шаардын инфраструктуралык түзүмдөрүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мектептерде, бала бакчаларда орун жетишпей, калкты арзан турак жай менен камсыз кылууда кыйынчылыктар жаралууда. Бишкек менен Ош шаарларындагы калктын ашыкча көбөйүшү жашоочулар арасында теңсиздикти пайда кылып, социалдык чыңалуунун күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн. 

Өткөн жумадагы парламенттин жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кызыктуу демилге көтөрдү. Ал Сузак, Кочкор, Казарман, Багыш, Чаек айылдарына шаар статусун берүүнү сунуштады. Бул айылдар түндүк-түштүк альтернативалык жолунун боюнда жайгашкандыгы менен айырмаланып турат. Тарыхтан белигилүү болгондой, байыркы шаарлар чоң жолдордун кесилишинде же алардын боюнда пайда болгон. Сыягы, Бакыт Төрөбаевдин сунушунун өзгөчөлүгү мына ушул фактыны камтыды.  Мисал катары Улуу Жибек жолунун Сиандан Бухарага, Жиддадан Венецияга чейин жайгашкан шаарларды айтса болот. Ар тараптан өнүгүп жаткан Кытай жетекчилиги өз калкынын турмушун жакшыртуу максатында урбанизация жолуна түшкөн. Бүгүн күндө бул стратегия өзүн актап жаткандыгын турмуш көрсөтүүдө. 

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу өлкөдөгү төрт облусту бир убакта бириктирип, трассага чектеш айылдарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекет болсо аймактарга шаарларды курууну, аларды өнүктүрүүнү өлкөнүн өсүү борбору катары карап, негизги приоритеттүү багыттардын бири каратары белгилөөсү керек.

Сузак, Кочкор, Казарман, Багыш, Чаек айылдарын түндүк-түштүк автожолунун боюндагы шаарлар катары кайра түзүү – бул аймактардагы өнөр жай менен өндүрүш, соода жана тейлөө тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берет. Аларды индустриялаштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эгерде бул айылдарды шаарларга айландыра алсак, анда жергиликтүү тургундар, аларга жакын жайгашкан башка айылдардын жашоочуларына жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөт. Социалдык объектилер менен көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталат. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Жашоочулар борбордук канализацияга менен жылуулук түйүндөрүнө кошулуп, шаарлар үчүн түзүлгөн башка артыкчылыктарга ээ болушат. 

Кыргызстан дагы дүйнөлүк урбанизация процесинен артта калбай, өз жарандарынын турмуш шартын, жашоо деңгээлин көтөрүү айыл өкмөт башчыларынан тартып, мамлекет жетекчилигине чейинки бардык эл жүгүн аркалаган адамдардын башкы максаты болууга тийиш.


Кылыч КУТАЛИЕВ
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер