Акыркы кабарлар
» Коом » Маймыл чечегин жугузуп алгандар күн санап көбөйүүдө
Маймыл чечегин жугузуп алгандар күн санап көбөйүүдө
24-май, 11:46
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌23-майда Англияда дагы 36 кишиден маймыл чечеги табылды. Муну менен Улуу Британияда 7-майдан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 57 кишиге жетти.
Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттиги илдеттин жайылышы "тынчсыздануу жаратып жатканын", бирок жалпы калк үчүн чоң коркунуч жок экенин билдирди.
Мекеменин башкы медициналык кеңешчиси Сюзан Хопкинс жарандарды денесинде кандайдыр бир адаттан тыш ыйлаакчалар же сезгенүү байкалса, ооруканага кайрылууга чакырды.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон маймыл чечеги "сейрек" оору экенин айтып, илдеттин өлкөдө жайылышынын "кесепети өтө олуттуу
эмес" экенин белгиледи.
Бул илдет Африкадан башка дүйнөнүн Португалия, Испания, Австрия, Австралия, Бельгия, Канада сыяктуу 15тен ашык өлкөсүндө катталды. Бул өлкөлөрдө баш-аягы 100дөн ашуун адамдын маймыл чечеги табылды.
Бөлүшүү: