Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев президенттик шайлоого дымактуу талапкер

Марлен Маматалиев президенттик шайлоого дымактуу талапкер

10-август, 08:30
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый элитада кезексиз президенттик шайлоо жарыяланары айтыла калып жүрөт. Убагынан канчалык эрте өтсө, ошончолук бийлик үчүн жакшыбы? Себеби, оппоненттер даяр эмес чакта, оппозиция акчасыз кезде калың катмарды бурганга, жаңы саясый оюн салганга ыңгайлуу. Бирок эл ичинде жаштардан Нуржигит Кадырбековдун колдоочулары арбып баратканы бааланууда. (Бул боюнча гезиттин өткөн сандарында жазганбыз). О.э. жаштар арасынан да күтүүсүз “чабармандар” чыгары анык.

Мисалы, “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев алдыдагы аламанга бышып калганы ырас. Парламентте экинчи ирет депутат болуп отурат. Дайыма элге жага турган маселелерди талкуулап, олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүп, мыйзам жазууда да активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Жаштар арасында популярдуу. Жогорку Кеңеште беш билимдүү, тажрыйбалуу жаш эл өкүлдөрү болсо, алардын ичинде Марлен бар экени талашсыз. Себеби, ал кыска аралыкта өзүнүн артыкчылыктарын ар тарабынан көрсөттү. Көпчүлүктүн ишеними жарала баштады. Мындай депутаттын электораты жеке эле Алайда эмес, Кыргызстандын баардык аймагына жайыларын билебиз. Анан калса, атасы Абдырахман Маматалиев булганбаган, мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштеген, түз жүргөн адам катары белгилүү. Баласына жарыгы тийиши мүмкүн, бирок сөзгө калтырбайт...

Натыйжада, келаткан президенттик шайлоодо Марлен Маматалиев ат салышып чыкса, салмактуу талапкер катары бааланат. Финансылык чарбасы, уюштуруучулук жөндөмү канчалык деңгээлде өнүгөт (?), кеп мына ушунда. Башынан эле бийликтин талапкерине караганда, элибиз оппозициячыл же жаңы лидерлерге кызыгышары, аларга ыкташары маалым. Алыс барбай эле 2017-жылдагы “аламанды” алсак, Өмүрбек Бабанов дээрлик көпчүлүк катмардан колдоого алынган. Балким таза шайлоо болгондо утуп кетмек. Бабановго харизмасы окшош Маматалиев да келечекте маселе жаратары, дымактуу экени байкалууда. Соңку жылдары парламенттен кыйла эле упай топтоп, саясый брендин бекемдеп атканын билебиз. Сөзү орундуу, элге да жагымдуу талапкер. Калган көп сырларын эртелей ачпай туралы...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер