Акыркы кабарлар
» Саясат » Күнүбүз Гульшат Асылбаевага түшүп калганын карачы!
Күнүбүз Гульшат Асылбаевага түшүп калганын карачы!
07-февраль, 20:56


Экономика жана коммерция министринин орун басары Гульшат Асылбаева жакында коомчулукка чыгып, кыргызча даяр текстти окуй албай, какап-чакап калганы талкуу жаратты. Бул аял кайсы жерде иштебесин, дайыма артынан тескери сөз ээрчитип, сынга кабылып келет. Экономикалык тармак өтө олуттуу эмеспи. Эмне үчүн билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар көз жаздымда калып, дал ушундай кепке кемтиктер илээше беришет? Кыргыз тилинде жеткиликтүү сүйлөй албаган кадр кантип элибиздин жүгүн көтөрө алсын? Тескерисинче, маселе татаалдашып, көйгөйлөр арбыбайбы? Айтор, курч суроолор арбын. Кандай болгон күндө да, Гульшат Асылбаевага окшогон жетекчилер бийликтин билигин түшүрбөсө экен.
"Азия Ньюс" гезити











