Акжол Келгенбаев: “Баалуулуктарыбызды аалам алкагына таанытып жүргөн мекендештерди китепке киргиздим”

Акжол иним менен тар чөйрөдө баарлашып калдык. 2012-жылы биринчи жолу Россияга мигрант болуп Ярославль шаарына барыптыр. Алгач биринчи жылы толугу менен үй-бүлөсүн багып иштеп, кийин кыргыз диаспорасына аралашып баштаган экен. Анда кеп башынан болсун.
-- Акжол иним, колуңда “Кыйын Кыргыз” деген аталышта китебиң турат. Китепти сөз кылардан мурун мигранттык турмушуңдан кеп кылсак, качан, кайсы шамал Россияга алып кетти?..
-- “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?” дегендей, үй-бүлөмдү тыңыраак багайын деп 2012-жылы Россиянын Ярославль шаарына баргам. Бир жыл “былк” этпей иштедим. 2013-жылы кыргыз диаспорасына аралашып, 2015-жылы ошол жактагы жалпы Россия элдеринин ассамблеясына мүчө болуп кирип, андан кийин Кыргыз-Россия конгрессине мүчө болдум. “Эл аралык ишкерлер ассоциациясы” деген бар, ага да мүчөлүккө кабыл алышты. Кийин Москва шаарына бет алып, кыргыз диаспорасы менен жакындан тааныштым. Мүчө катары камыр-жумур аралаша Нарын облустук коому түзүлүп, аны жетектеп калдым. Диаспоранын көйгөйлөрү, анын эң эле орчундуусу “жүк-200”. Кээ бир жарандарыбыз кыйынчылыкты көтөрө албай БОМЖ болуп кеткендери бар, иш таба албай кыйналгандары болот, жөнөкөй эле нанга акчасы жок калгандары ж.б. толуп жаткан кыйынчылыкты башынан өткөргөн биздин жарандарыбыз менен биргелешип иш алып барууга туура келди. Ошолорго колкабыш кылалы деп Россиянын баардык региондорунда диаспораны жетектеп жүргөн биздин патриот эр-азаматтарыбыз, эже-карындаштар менен күн-түн дебей “тытындык”...
-- Эми китепке келели. Эмне себептен китеп жазууга белсендиң?
-- Кайсы гана жерде болбосун диаспоранын иши коомдук башталышта экенин баарыбыз билебиз. Эч ким айлык бербейт. Мамлекет жасай турган нерселерди диаспора өз мойнуна алат. Анан ошол адамдардын эмгеги ушуга чейин эч бир бааланбай келген. Болбоду дегенде эмгектери тарыхта калсын деген таризде китеп жазууну 2017-2018-жылдары максат кылып койгон элем. Анан 2021-жылы баштадык. Китептин ичине чет жерде, дүйнөнүн ар бир булуң-бурчунда мамлекетке колкабыш кылып, бюджетке жардам берип, ошол жерде жүргөн мекендештерге кол сунуп, жеңилин жерден, оорун колдон ала бириге калып, ар бир тармактан: мейли маданият, мейли спорт, мейли кол өнөрчүлүк, улуттук бозүй, калпагыбызды ж.б. баалуулуктарыбызды аалам алкагына таанытып жүргөн мен билген биздин мекендештерди киргиздим.
-- Барактап көрсөм, ар бир адамга ыр токулуптур...
-- Жогоруда айткан биздин мекендештерибизге билишимче мүнөздөмөнү айтылуу “автомат” акыныбыз Жеңишбек Жумакадырга бердим. Ал өзүнүн командасы менен 4-5 куплеттен ырын жазып берди. А өмүр баяндарын, иш таржымалдарын өздөрүнөн алдым да, ар бир адамга экиден бет арналды.
-- Кыргыз элине таанымалдардан ким бар?
-- Легендарлуу Ороз атаны айтсак болот. Армияга Россияга барып, өмүр бою Москванын Кремлинде иштеген. Андан сырткары, элчи болуп баргандар бар. “Кыйын Кыргыз” китебибиз буюрса бүтүп калды. Жыл аягына чейин жарык көрөт деп ишенип турабыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити