Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талант Мамытов элге жакын болгусу келсе Акүйдү эмес, резиденцияны ачып салбайбы?”

“Талант Мамытов элге жакын болгусу келсе Акүйдү эмес, резиденцияны ачып салбайбы?”

15-ноябрь, 13:42
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акүйдүн тосмосу алынбай эле койсо болот беле? Мунун артында кимдир бирөөнүн өчү барбы же жөн эле Талант Мамытовдун популисттик шоусубу?” деген суроо туулду. Белгилүү эксперттер өз жоопторун берди.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:

-- Адегенде эмне үчүн ал тосмо курулганын билиш керек да. Ушуга көңүл бурулган жок. Мисалы, Акүйдүн жертөлөсүндө бир нече кабаттан турган граждандык коргоо боюнча объектилердин өз максаты бар. Согуш учурунда же кандайдыр бир жаратылыш кырсыгы болобу, өкмөт ошол жерге түшүп келип, өз иштерин уланта бере турган баардык шарттар каралган. Режимдүү объект, демек, ал жерде ок атуучу куралдар да болгондуктан корголушу керек. Кирип чыккан адамдар бүт көзөмөлдө болуусу шарт. Ошондон улам Аскар Акаевдин тушунда Акүй курчалганынын себеби ушул. Талант Мамытовдун Акүйдүн курчоосун алдырып атканы – “элге ачык болушубуз керек, тосмонун ары жагында болбогонубуз оң” деген чакырык менен кетишти. Менимче, граждандык коргонуу боюнча түшүнүк деле жок өңдөнөт. Эгерде элге бийлик ачык болгусу келсе, Акүйдү эмес, резиденцияны ачык кылып салбайбы. Президент, өкмөт башчы, ЖК төрагасы кандай үйдө жашайт, балдары менен эмне тамак жеп, кай жерде ойнойт – мунун баарын эл көрсүн (!) деп. Мына ошондо баары ачык болот эле да. Жок, ал жерди аскерлер курал менен кайтарып турушат. Мен Акүйдүн тосмосун алып салганын туура көргөнүм жок. Ошончо эле ачып салды, режимсиз объектилердин, курал-жарак сакталбаган жерлердин баарын ачып салсын. Булардын койгон аргументи өтө калпыс. Жөн эле жеке кызыкчылыктар болуп кетип атат. Себеби, булар Акүйдүн тосмосунан секиришпеди беле?.. Камчыбек Ташиев ошондо “Чыңгызхан ондон ашык бир тууганы менен бийликти басып алган” деп секирип кеткен. Ал жер режимдик объект болгондон кийин мыйзам боюнча камалып калган. “Бизди каматкан” деп тосмодон “өч алып” атышат. Анча эле өч алгысы келсе Атамбаевден өч алыш керек эле. Мындан сырткары, Акүйдүн тосмосунун дагы 2-3 функциясы бар: архитектуралык ансамбль, шаарга көрк бере турган жагы каралган. Бирөө жарым үйлөнгөндө, же айылдан келгендер атайын “Акүйдүн алды” деп эстеликке сүрөткө түшүп атышат. 

Клара Ажыбекова, укук коргоочу:

-- Тосмону алганын туура эле көрүп атам. Абдан жакшынакай болуп калды. Акүй бүт Кыргызстандын мраморлорунан курулган. Эң башында эч кандай тосмо жок эле. Аны кийин Акаевдин режиминде уурулук, приватизациялар башталгандан кийин бүт баарын тосмо кылып коюшту. Жаңы бийликтер элден коркконунан улам ушундай кылып коюшкан. Ушундай жакшы архитектуралык ансамблдер коргондолушу керек. Андан көрө тегерек-четине Тянь-Шандын көпкөк балатыларын тигип көрктөндүрүп, айланасына жаркыратып прожекторлорду коюп коюшсун. Ошондо Акүйдүн көркү ачылат. Ал түрмө эмес да. Абдан сүйүнүп атам. Айтты-айтпады дебегиле, жакында биз социализмге келебиз, аз убакыт калды. Бул жакшы жөрөлгөнүн белгиси. Эл менен бийликтин ортосунда эч кандай тосмо болбогону оң!

Сапарбек Аргынбаев, эксперт:

-- Мен билгенден, Акүй режимдүү объект. Жертөлөсүндө граждандык коргонууга ылайыкталган атайын чарбалары бар. Керек болсо бомба жарылса да жертөлөсүнө жетпейт. Акүй жаңы курулган кезде Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы Турдакун Усубалиев эч бир тосмосу жок эле кирген. Кийинки бийлик өзүн коргонуу катарында, элден бөлүнүү үчүн тосмо кылып салган. Мына, сиздей болгон журналисттерге да жакшы болду. Депутаттар машинесинен түшүп келатканда эле чакан маегиңерди алып алсаңар болот. Тосмону алып салганы элге жагып атат. Эл менен бийликтин ортосунда эч кандай тосмо болбош керек экенин тарых тастыктады.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер