Акыркы кабарлар
» Коом » Уу коргошунга уулангандар чыга баштадыбы?
Уу коргошунга уулангандар чыга баштадыбы?
20-апрель, 16:57
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте уу коргошундан ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бейтапты ооруканага “тез жардам” кызматы жеткирген. Аны Бишкек шаардык ыкчам медициналык борборунда ырасташты.
«Бүгүн таңкы саат 5.00дө чакыруу болгон. 63 жаштагы киши өтө оор абалда болчу. Аны биз кардиология жана терапия улуттук борборуна жеткирдик. Ооруканада ал киши уу коргошун ичкенин айтты» дейт ыкчам медицина борборунун өкүлү.