Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Осмонов: “Суу сактагыч кооптуу абалда”

Айбек Осмонов: “Суу сактагыч кооптуу абалда”

04-июнь, 12:00
447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек мырза, Ош шаарын таза суу менен камсыздоо көйгөйү айтылып жатканына көп болду. Бул маселе эмне үчүн чечилбей келатат? Каражат жокпу?

-- Каражат деле бар. Атайын ушул максатка жергиликтүү бюджеттен да, Азия өнүктүрүү банкынан (АБР) да акча бөлүнгөн. Бирок, суу куурларын орнотуу эмнегедир жай жүрүүдө. Ош шаарынын тургундарына ичүүчү суу Папан суу сактагычынан тартылып келет. Суу шаарга жеткенге чейин жолдо көптөгөн карьерлер бар. Алардан агып чыккан кир суу ылайлайт. Кечээ биздин активисттер Папан суу сактагычына барышып, абалды жеринен көрүп келишти. Жергиликтүү калк менен сүйлөшкөндө алар суунун ичинде ар кандай акыр-чикир, желим бөтөлкөлөр, атүгүл ит-мышык сыяктуу жаныбарлардын өлүктөрү да бар экенин айтышкан. 

-- Анда ал жерди текшериш керек го?

-- Мен протоколдук тапшырма бердим, миллионго жакын калкы бар шаар суу ичип жаткан соң, тийешелүү адистер тезинен барып суунун сапатын текшерүүлөрү керек. Себеби, оорунун баары суудан тарайт эмеспи. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер