Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Жандүйнөңүздүн каалгасын каккым келет...
Жандүйнөңүздүн каалгасын каккым келет...
30-сентябрь, 11:27
434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌(Кыял Токторбаевга!)
Инстаграмдагы баракчаңыздан кабарым бар. Чыгарган ырларыңызды угуп, талантыңызга баа берем. Жүзүңүз ачык болгону менен жүрөгүңүздө муң бардай, катылып жаткан арман аңызы байкалат. Же ырлардын маанисине жараша ушундай образ жаратасызбы? Бирок сүйлөсөңүз деле анчейин ачылбай, жүрөк түпкүрүндө сырыңыз чечмеленбей, өзүнчө дүйнө сыңарындай сезилет. Өмүрдүн миң кырлуу өңүтү бар эмеспи. Негизи сиздин табышмактуу жашооңуз кызыктырат. Жолдошуңуздун бар-жогун деле билбейм. Балким бойдок болсоңуз, ынак досторго айлансак не? Адам кыялдануу менен жашайт да. Бул ниетим кокус ишке ашса... Жашоону жаркырата жашайт белек? Менин кызыгуум күч. Чыгармачылыгыңызга баракелде! Жандүйнөңүздүн каалгасын каккым келет...
Сыргак
"Азия Ньюс" гезити