Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Эң биринчи иш – котормо жана котормо болууга тийиш”


-- Абдыкерим агай, кечээ жакында эле түрк тилдүү жазуучулардын эл аралык бирикмеси түзүлдү. Жазуучу катары сиз буга кандай карайсыз?
-- Жазуучулук – бул кайсы доордо, кайсы гана мамлекетте болбосун, жеке адамдын ишмердүүлүгү. Жазуучулук ишке эч бир бирикме, же уюм жардам бере албайт. Өзүң менен өзүң гана болосуң. Бирок, ошол өзүң канчалык мыкты чыгарма жазсаң да, ал үстөлүңдүн тартмасынан, же компьютериңден ары жылбайт. Мына ушул жерде Жазуучулар бирикмеси керек, ал оң жолго баштоосу абзел, айрым учурда мындай союздар тоскоол болгонун тарых унутпайт. Ал эми түрк тилдүү элдердин Жазуучулар кошууну уюштурулуп жатканын мен колдойм. Биз, түрк тилдүү элдер, бири-бирибиздин тилибизди түшүнсөк да, китептерибизди орус тили аркылуу которуп калганбыз. Соңку жылдарда жылыш бар. Мен, мисалы, өзбек жазуучуларынын аңгемелерин которуп, “Ак булут, аппак булут” деген казак жазуучуларынын аңгемелерин которуп, “Ата конуш” деген китептерди чыгардым. Бирок, буларды окурмандарга таратуу, элге жеткирүү кыйын болду. Мына ушундай иштерге түрк тилдүү элдердин Жазуучулар кошууну сыяктуу уюм жардам берер эле деп ишенем.
-- Анда бул бирикменин келечеги кең экенине ишенсек болот турбайбы?
-- Бул уюмдун уюштурулушунун башында Султан Раев, Улугбек Есдавлет, Анар сыяктуу кадыр-барктуу адамдардын тургандыгы мен үчүн үмүт байлайт. Эң биринчи иш – котормо жана котормо болууга тийиш. Анан бир эле спектаклди бир нече тилдеги артисттер сүйлөп аткарса да жакшы болмок.
"Азия Ньюс" гезити











