Карыя келининин колуна барарын эстегенде көзүнө жаш айлана түштү...

Аскар дагы өз алдынча ойго чөктү. Эмне деген чоң кызматтарды аркалабады, жалаң сый-урматтын үстүндө жүрдү. Жактырып алган жары да жакшы адам эле. Эки уул, бир кыз төрөп берди. Байбичеси минтип карып баратканда жалгыз калтырып кете берди. Алгач ишенээри, сүйөнөөрү болгон жалгыз уулунан ажырап, кан жутту. Уулунун кайгысын тартып жүрүп, байбичесинин да көзү өтүп кетти.
Кичүү уулу үйлөнгөн күн көз алдына келди. Үлбүрөгөн жапжаш келин. Үнү да чыкпайт. Анда уулу да, байбичеси да тирүү кези. Кут төгүлүп, биринин артынан бири келген тууган-туушкандар. Кана, ошолордун бири каттабай калбадыбы... Байбичеси өзүнчө эле бир төгүлүп-чачылып турган кут турбайбы! Ал каза болгондон кийин кут да төгүлүп калды. Баягы үлбүрөгөн кичүү келини жыландай болуп кайнатасына өч боло баштады. Өз бөлмөлөрүнө камалып алып, неберелерине да оңдуу тарбия бербеди. Уулунун мүнөзү жумшак, аялынын айтканынан чыга албаган бала болду. Кызы болсо өз үй-бүлөсү менен чет өлкөдө. Сырттагыларга уул-келини менен жашап, бактылуу көрүнгөнү менен, жетимиш жаштын чайын ичип отуруп жападан жалгыз калды. Ооруканадан чыгып, үйгө, келининин колуна барарын эстегенде көзүнө жаш айлана түштү...
"Азия Ньюс" гезити