Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун акими: “57 гектар жерге бак тигилди”

Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун акими: “57 гектар жерге бак тигилди”

31-январь, 19:56
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баймурат Асатович, жакында эле Лейлек районунда жаңы бак пайда болгону тууралуу жакшы кабар уктук. Аны ким тикти?

 -- Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүнүн Майту участкасына  жеке ишкер Бакиров Назирбек 20 миң түп көчөт алып барып, 57 гектар жерге бак тикти. Эски союз маалында унутулуп калган суу каналын тазалап, өзүнүн жанынан 10 млн. сомдой каражат жумшады. Ал жерде мисте, бадам, алма, өрүк, шабдалы багы болот. Анын натыйжасында биринчиден, буга чейин какырап жаткан жер бакка айланса, экинчиден, Тажикстан менен чек ара  да тосулат. Элге кошумча жумуш орду түзүлөт. 

-- Көчөт адатта март, апрель айларында тигилчү эле. Сиздер болсо 5-январда тигипсиздер. Көктөөр бекен?

-- Ал жерде дээрлик кыш деле болбойт. Кар түшпөйт. Жогоруда айткандай, эки чакырым жерге суу келчү каналды да өз каражатына оңдоп чыкты. Бул ички инвестиция да. Экономикабызга 2020-жылга 10 млн сом. инвестиция келди десек болот. 

Ушундай эле жакшы иштер Жаңы-Жер, Ак-Суу, Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүндө да жасалууда. Ар бир айылда майда, жарым  эргежээл көчөттөрдү өстүрүү менен багбанчылыкка жаңы багыт берилди. Бүгүнкү күндө Лейлек району боюнча багбандар биримдиги түзүлүп, ага 200дөн ашуун киши мүчө болуп кирген. Түрк ишкерлери 50 гектар жерге чандлер жаңгагын алып келип тигишкен. Өзүбүздүн жергиликтүү жаңгактан айырмаланып, ал үч эле жылда жемишин бере баштайт экен. “Өндүрүлгөн продукцияны бүт Түркияга алып кетебиз” деп жатышат. 

-- Баткендин, анын ичинде Лейлектин өрүгү бүт регионго таанымал эмеспи. Өрүк өстүрүү кандай болуп жатат?

-- Бизде 1300 гектар жерде өрүк бактары бар. Лейлектин өрүгү чындыгында эле өзгөчө таттуу. Мурсамжалил, кандек  сорттору жалпы Орто Азияга даңазалуу. 

-- Өрүк кактары чет өлкөлөргө да экспорттолобу?

-- Ооба. Азырынча биз каалаганчалык көлөмгө чыга элек, бирок, бүткүл дүйнөлүк рынокто Лейликтин өрүгү жөнүндө маалымат бар. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер