Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Эң ириде Текебаев жоопкерчиликке тартылышы керек”


-- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн айрымдарына кылмыш иши козголуп, камакка алына баштады. Алар “мамлекетти укуктук талаага алып келдик” деген декрет боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Ушул боюнча айтсаңыз?
-- Декрет деген жасалма документ. Ошону менен Өмүрбек Чиркешович чоң тобокелдиктерге барып, президент болууга колдоо таппасына көзү жеткенден кийин өзүнүн максатын ишке ашыруу үчүн акылга сыйбаган иштерге жол берип, чоң кылмыштарды жасаганы ачыкталабы? “Өткөөл мезгилдин президенти” дегенди ойлоп тапты. Аттарын өзгөртүп, чет өлкөдөн келген ар кандай гранттарды жешти го?..
-- Мисалы, кайсы кылмыштарды жасады эле?
-- Өмүрбек Чиркешовичтин эң чоң кылмышы – Конституциянын документтерин алмаштырганы болгон. Төңкөрүштөн кийин “конституциялык реформа жасайбыз” деп топ түзүлгөн. Ошол комиссиянын добуш берген документи жоголуп кетип, Кыргызстан туңгуюкка кептелген. Мына ушундай алешемдиктерге жол бергени үчүн Өмүрбек Чиркешович жооп бериши керек эле, бирок ал жооп берип каларын билип, чет өлкөгө элчи болуп кетип калды.
-- Мародёрлукка укуктук, саясый баа берилбей калганбы?
-- Мародёрлукка, башкасына саясый, коомдук баа жарым-жартылай болсо дагы берилген. Бирок, укуктук талаада Конституцияны талкалап, декрет деген түшүнүгү жок документтерди киргизгени үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес. Ошон үчүн башаламандыкка жол берилген. Эгер Убактылуу өкмөттүн аракеттерине баа берип, туура эмес иштери үчүн жоопкерчиликке тарта турган болсо, декретти ойлоп тапкан Өмүрбек Чиркешович эң биринчи жоопко тартылышы керек.
-- Сиз “декрет деген юридикалык нормаларга жооп бербеген жасалма документ” деген ойду кыйытып жатасыз. Эгер ал туура эмес каралса, бийлик кулап, мамлекет башчы качып кеткен учурда бийликти ким колго алышы керек эле?
-- Бийлик кулагандан кийин чукул жагдайды эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси президенттик шайлоо өткөргөнчө бийликтин башында туруп, аткаруу бийлиги менен абалды жөнгө салышы керек эле. Бизде болсо баары теңирден тескери кеткен. “Убактылуу өкмөт” дешип, кол коюлбаган документтерди алып чыгышып, декреттерди жазышып, элдин башын айлантышты. Өкүнүчтүүсү, Убактылуу өкмөт Өмүрбек Чиркешович эмне десе ошону гана аткарды.
-- Кезинде Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, нааразычылык акцияларда “Ата Мекен” менен бирге эле жүрчү элеңиз. Бийликке келгенден кийин алар сизге көңүл бурбай коюштубу?
-- Туура. Бакиевдин доорунда “Ата Мекен” жана башка оппозициялык топтор менен бирдикте нааразычылык акцияларын байма-бай уюштурчубуз. Бийлик менен оппозициянын ортосунда келишим түздүргөм. Текебаев баш болуп, менин офисиме келишип, кол коюп кетишкен. Мага кызмат бербей койгону үчүн эмес, Конституцияны өзү каалагандай калчап, мамлекетти укуктук талаага алып келе турган иштерге карама-каршы келген жоруктарды жасаганы үчүн каршы чыктым. Чындыкты капка ката албадым. Ошол мезгилде эле басма сөз каражаттарына Текебаевдин катачылыктарын айтып, туура эмес иштерин санап, маектерди бергем. Чынында Текебаев 2005-жылы деле ушундай иштерди жасоого аракет кылган, бирок ал мезгилде биз жол берген эмеспиз.
Текебаевдин жаман кесепеттери аны менен эле токтоп калган жок. Мамлекетти коркунучка алып келген бузукулук иштерди тегерегиндеги “чет өлкөлүк агенттер” деген топ менен кийин да жасап жатты го? Алар кодекстерди дагы бир топ чайкап, каалагандай калчашты. Бирок, ошол топко азыркыга чейин укуктук баа берилген жок. Эмнегедир прокуратурага, УКМКга жеткенде эле баары жабылып калууда.
-- Убактылуу өкмөттүн декрет менен Аскар Акаевдин экс-президент статусун алып койгону туурабы же?..
-- Декрет менен Аскар Акаевдин экс-президент деген макамын алып койгону туура эмес болгон. Бул иш укуктук талаадагы эң чоң көз боёмочулук. Аскар Акаев 2005-жылы Москвадагы элчиликте мамлекеттин тынчтыгы үчүн арыз жазып берип, таза шайлоого шарт түзүп, мамлекетти укуктук талаага келишине чоң салым кошкон.
-- Ячейкадагы каражаттар үчүн бир эле Бекназаровдун камакка алынышы таңгалууну жаратпайбы? Эмнеге Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө аяр мамиле жасалып жатат?
-- Ячейкадагы каражаттар үчүн жалгыз Бекназаров эмес, Каптагаев, Дүйшөбаевге окшогон Убактылуу өкмөттүн байып кеткен мүчөлөрүнүн баары толугу менен жооп бериши зарыл. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн “молдокеси”, конституциялык талааны талкалаган Өмүрбек Чиркешович сыртта калбай, таланып-тонолгон нерселерге жооп бериши керек.
-- Негизи укуктук талаага алып келүү үчүн декрет колдонулабы? Эгер колдонулса, ал кайсы убакта ишке ашат?
-- Эгерде мамлекеттүүлүк жок болсо, жер-жердин баары талкаланып, жаңы өлкө түзүлүп жатса, анда декретти иштетсе болот. Бизде борбордо бийлик алмашканы менен региондор, аткаруу бийлиги кадимкидей эле иштеп жатты да. Декретти колдонууга зарылчылык жок мезгилде эле колдонуп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, мамлекетти туңгуюкка кептешти.
"Азия Ньюс" гезити











