Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт ойгонуп, өзүнүн чабалдыгын жоёбу же карапайым эл кышта кыйналабы?

Өкмөт ойгонуп, өзүнүн чабалдыгын жоёбу же карапайым эл кышта кыйналабы?

04-сентябрь, 11:52
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө парламенттик шайлоону таза өткөрүүнү тапшырды. Коопсуздук кеңешинде катуу талаптар коюлду. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Бирок, "чала жан" өкмөтүбүз, болбураган Боронов шайлоону көзөмөлдөөгө чарпылып атып, кышка даярдыкты көз жаздымда калтырбайбы? Негизи эле суук түшкөндө кыйналбайбызбы? Бул жаатта көйгөйлөр арбын го?.. Мына окурман, ушундай маселе бар. Шайлоо өзүнчө, а жашоо турмуш өз нугунда уланышы керек. 

Баялы Төрөбеков, жаш активист:

-- Негизи эле ажобуз Сооронбай Шариповичтин “шайлоону таза өткөрөм” деген ою жакшы, колдошубуз керек. Мен ишенем, өкмөтүбүз өз ишин колунан келишинче так аткарат жана кышкы көйгөйлөргө жол бербейт. Негизи эле шайлоонун таза өтүшүн бир эле өкмөттөн, БШКдан, же ажодон эле күтө берген туура эмес. Ал ар бир жарандан көз каранды. Ар бирибиз жоопкербиз. Баарыбыз жоопкерчиликти алышыбыз керек. Элге да кайрылып кетет элем, дүйнөгө шерменде болбой, 4-октябрдагы шайлоону таза жана тынч өткөрүп алалы. Мен бул жаатта эч кандай көйгөйлөр болбой турганына ишенем. Себеби, ажобуз өкмөт менен ар бир жолуккан сайын “ушул маселени катуу көзөмөлдөгүлө” деп айтууда. Баары өз ыргагы менен жүрүп атат. Албетте, өкмөтүбүздүн чабал экенин элдин баары билип калды. Парламенттик шайлоодон кийин кыш мезгили келгиче жаңы өкмөт куралып, билек түрө иштей турган азаматтарыбыз жаңыча ишти баштаса керек. Кыш эми жеңилинен берсин...

Төлөн Абдыров, экономика боюнча эксперт:

-- Президентибиз “шайлоону таза өткөргүлө” деп буйрук берип атканы менен бу жерде көп иш аракеттерди жүргүзүш керек. Өкмөт курамында мыкты адистердин жоктугунан ар бир мезгилдин көйгөйү башыбызга түшүп келет. Анткени, партиялык тизме менен өкмөттү кураган учурда нагыз профессионал, иштин көзүн билген кесипкөйлөр сүрүлүп калып атат. Негизи эле азыркы өкмөттүн алдыга кадам таштоо стратегиялык программалары жоктугунан кыла турганы, кылып аткан иштери өтө чабал болуп аткансыйт. Экономика каатчылыгы, пандемия, көптөгөн ишканалар жабылды, кээ бирөөсүн кайрадан жандандыруу машакаты бар. Жумуш орундары кескин кыскарып, көптөгөн адамдар “эми каражатты кайдан табам?” деп баштары ооруп турган кези. Карапайым элдин “кыштан кантип чыгам? Көмүрдү кайсы акчага алам?” ж.б. толуп жаткан көйгөйлөрүн бул өкмөт өз убагында чече албасына көзүм жетип турат. Мүмкүн жакынкы арада ушул маселелер боюнча ич ара ойлонуп, кайсы бир деңгээлде иш алып барышаттыр...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер