Акылбек Түмөнбаев сыйкырчыбы? Байлык, кадр саясаты боюнча...
Парламент депутаты Акылбек Түмөнбаев 2020-жылдан кийин кыйла байыганы жоро-жолдоштору, тууган-туушкандары ичинен эле дүңгүрөп, коомчулукка чет бучкагы чыга калууда. Улам хансарай салып, элиталык батирлерди алганы, бизнесин гүлдөткөнү, бир кызын “Мегакомго”, экинчисин “Ошкага” иштетип койгону (айлыктары асмандын башы), а күйөө баласын ошол эле “Мегакомдун” башчылыгына жеткизгени, ушунун баары сыйкырбы? Убагында депутаттыкка өтпөй, акчадан каржалып жүргөн Акылбек Түмөнбаев кыска аралыкта мурдун көтөрүп, Кыргызстандагы эң таасирдүү адамга айланды. Кадр саясатын чечүүдө милициянын РИИБлеринен жогору көздөй маселе чечип, ар бир системага кийлигише баштадыбы? “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” дейт. Азыр Акылбек майкөл-сүткөлдүн үстүндө жүрөт. Эртең кандай күндү көрөт болду экен? Ушул жагын ойлогондо эле опкоолжуп кетесиң да...
"Азия Ньюс" гезити