Акыркы кабарлар
» Саясат » Молдомуса Конгантиевдин шопуру Кундузбек Сулайманов боюнча учкай кеп
Молдомуса Конгантиевдин шопуру Кундузбек Сулайманов боюнча учкай кеп
13-март, 19:30
579 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Токтогул округунан депутат болгон Кундузбек Сулайманов бир кезде Молдомуса Конгантиевдин шопуру катары иштеп, боор көтөргөнбү? Бакиевдин режиминде “кол ийрисине тарткан” адат өркүндөп баштаган эмеспи. Конгантиев Бишкек ШИИБ начальниги, андан соң министр катары көтөрүлүп, доору жүрүп турганда, Кундузбек ыңгайдан пайдаланып, МАИге кирип, көп өтпөй Ошко чоңоюп, байып, жакшы эле тайраңдаптыр. 2010-жылы 7-апрелде төңкөрүш орун алып, заман өзгөрөт. Молдомуса Ташболотович Таластан сабалып, тагдыры татаалдашканда Кундузбек Оштон качып жоголуп, бир канча убакыт из суутуп кеткенби? Кийин кырдаал жай-жайына келгенде бири-бири менен табышып, кайрадан мамиле кылып калышат. Өткөн парламенттик шайлоодо Конгантиев бийлик төбөлдөрүнөн суранып, өзү да Токтогулда жатып алып, шопурун депутат кылууга чоң салым кошконбу? Ылдыйкы катмардан өйдө секирик кылган көрүнүш ушулбу? Таңгалычтуусу, маркум генералдын аркасынан Кундузбек Сулайманов түз эле Камчыбек Ташиевге жол таап, бирок ишенимди татыктуу түрдө аркалай албай жатканы талкууга бекер жерден алынбаса керек.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити