Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрага Замирбек Базарбеков кабинет кайтарып отургандан уялбайбы?..

Төрага Замирбек Базарбеков кабинет кайтарып отургандан уялбайбы?..

17-март, 14:24
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Таңгаласың да. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков эң алсыз, күнкарама катары тарыхта калабы? Өзүнүн милдетин, башкаруусун аркалай албай, жөн эле жүрөбү? Кол алдындагы соттор саясый маанилүү чечимдерди чыгарышса, бул жагын интернеттен окуп калабы? Жогорку соттун төрагасы болуп, өз ишин тийешелүү деңгээлде аркалай албай, креслосуна кумарланып эле жүрө береби? Айтор, курч суроолор көп. “Суунун сиңген жерге куй” дегендей, ак сөздү айткандан майнап деле чыкпайт го? Замирбек Базарбеков өз эрки менен кызматынан кетип калса жигиттик кылмак! Райондук, шаардык жана облустук соттор укпаса, өздөрүнүн “кураторлору” менен иштешсе, ушул дагы системабы? Фемида айдыңында пара алгандар, коррупцияга баткандары арбып атса, аларды токтотууга, тескөөгө мамлекеттин күчү келбей атпайбы! Негизинен адвокаттар, өң-тааныштар аркылуу “жашылбайларды” жымырып жатышканы жалганбы? Коомдук пикир түзүлүп калды да. Аныгында, сот системасы мынчалык булганбаптыр. Саясый иштерди кеп кылбай эле коёлу. Ток этерине келсек, төрага Замирбек Базарбеков кабинет кайтарып отургандан уялбайбы?..   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер