Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан боюнча 26 мектеп аралыктан окууга өттү

Кыргызстан боюнча 26 мектеп аралыктан окууга өттү

19-январь, 11:41
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.

"2022-жылдын 18-январына карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2334 мектептин 26сы онлайн окууга өткөрүлдү. Алар Бишкек шаарында 16, Чүй облусунда 10 мектеп" деп айтылган маалыматта. Мындан тышкары, 76 класстын онлайн окууга өткөрүлгөнү кабарланды.

Алар:

Чүй облусунда – 55 класс;

Бишкек шаарында – 9 класс;

Талас облусунда – 6 класс;

Нарын облусунда – 3 класс;

Ош облусунда – 2 класс;

Ысык-Көл облусунда – 1 класс.

Министрликтен Талас облусу боюнча 6 класс аралыктан окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлгөнүн айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер