Акыркы кабарлар
» Коом » “Таласта мугалимдерди кыйнап, вакцина саюуда” дейт окурман
“Таласта мугалимдерди кыйнап, вакцина саюуда” дейт окурман
10-май, 16:59
695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Супер кж” сайтына Талас облусунун тургуну кайрылып, COVID-19га каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлбөй жатканын айтып өттү.
“Өзүммугалим болуп иштейм. Кытайдан келген вакцинаны каалагандар аласыңар деп сыналгыдан көрсөткөнү менен андай болбой жатат. Мугалимдерди, бала бакчада иштегендердин баарын кыйнап эмдөөдөн өткөрүп, жадагалса “жумуштан чыгарып жиберебиз” деп коркутуп жатышат. Бул нерсе мыйзамдуубу? Президент өзү баш болуп алган жок го? Эмне үчүн карапайым баягы эле мугалимдерди кыйнай беришет? Алардын канчалык деңгээлде “жумуштан чыгарып жиберебиз” деп коркутуп эмдөөдөн өткөрүүгө укуктары бар?” деп кайрылды окурман.