Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек Коргонбай уулу: “Кызмат же мандат тийбей калса, сын айтып, элди адаштырбайлы”

Жусупбек Коргонбай уулу: “Кызмат же мандат тийбей калса, сын айтып, элди адаштырбайлы”

26-февраль, 10:30
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңешине эки ирет шайланган, ишкерликтен Жогорку Кеңештин депутаттыгына №5 Ноокат округунан элдин колдоосуна ээ болгон Жусупбек Коргонбай уулу менен маектештик. 

-- Жусупбек мырза, адегенде өзүңүз жөнүндө учкай маалымат бере кетсеңиз?

-Мен Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулгам. Атам малдоктур, апам педагог эле, математика сабагынан берчү. Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Апамдын эжеси менен жездеси кайтыш болуп кеткендиктен, алардын тогуз баласы жетим калган. Ошолордун үчөөсүн биздин үй-бүлө багып алган. Ошондо жалпысынан сегиз бир тууган болуп чоңойдук. Атам ыраматылык алардын баарын үйлөп-жайлап, окутту. Бала кезден эмгек менен чоңойдук. Айылда мал карап, картошкага иштечү элек. Жайында кой кыркчубуз. Атам ветеринар болгону үчүн бат-бат жер которуп, Кулатов атындагы совхоздо, №44 жылкы заводунда жашап калдык. Мен экинчи класста окуп жатканда апам ыраматылык катуу ооруп калып, Кашкалдак айылындагы таежемдин колунда да жашадым. А.Осмонов атындагы мектепти бүтүп, өз күчүм менен эле ОшМУнун тарых факультетинин бюджеттик бөлүмүнө өтүп кеттим. 63 сом стипендия алчумун. Жатаканада жашадым. Үч жылдан кийин контракттык негизде юрфакка которулдум. 90-жылдар, жаштардын көбү мигрант болуп кете баштаган мезгил болчу. Мен да окууну убактылуу таштап, Свердлов облусуна бардым. 

Эсимде, декабрь айы болчу. Күн суук. Мен болсо туфличен барып алыптырмын... Жүк түшүргүч, сатуучу болуп иштедим. Ал кезде биздин челноктор товарларын поезд менен ташышчу эле. Өзүмдөй болгон чоң-чоң сумкаларды ГАЗелдерге жүктөп, даректер боюнча жеткирип берчүбүз. Кайра келип, окуумду улантым да, 2000-жылы диплом алдым. “Мамлекеттик кайсы бир кызматка орношсом” деген ниетим бар эле. Бирок, ал кезде тааныш-билиш, тыйыны жок ишке кириш кыйын болчу. Ошондуктан, кайра эле мигрант болууга туура келди. Тюменде, Екатеринбургда, Москва шаарларында, Ханты-Мансийск автоном округунда жүрдүм. Акырындап соода иштерине аралашып, курулуш метериалдарын сатуучу түйүн ачтым. Алгачкы бизнесим ошол жакта башталды. Россиядан ар кайсы улуттагы досторду тапкам. Арасында орусу, грузини, армяны бар. Алар менен азыркыга чейин катташабыз. Ошол досторум жардам беришип, миллиондогон сомдук инвестиция салышты. Өзүмдүн туулган жериме жалпы суммасы 80 миллион сомдук колкап чыгаруучу цех, борбор шаарда курулуш материалдарын сатуучу түйүн ачтык. Андан башка курулуш фирмабыз да бар.

-Сиз катары менен эки жолу Бишкек шаардык кеңешине депутат болдуңуз. Ушул мезгилде шайлоочуларыңыз үчүн кандай алгылыктуу иштерди кыла алдыңыз?

-- Дайыма эле колуман келишинче элдин көйгөйүн чечүүгө аракет кылып келдим. Мурас-Ордо, Калыс-Ордо сыяктуу жаңы конуштардын көйгөйлөрүн көтөрүп, ошол кездеги мэр Албек Ибраимовдун кээ бир чечимдерине каршы чыккан учурларым болду. Менин жардамым менен Мурас-Ордого мектептин курулушу башталган. Таяныч пункттары, Көлмөгө бала бакча курулду. Мурас-Ордодогу кытайлык гранттын эсебинин курулган мектепке да учурунда биз сунуш бергенбиз. Албетте, бул жалгыз эле менин эмгегим эмес. Ошол кездеги мэр Кубанычбек Кулматовдун, жалпы элдин салымы чоң болду. Эң башкысы, шаардык кеңеште таза иштедим. Коррупциялык схемаларга аралашпай, бир дагы мамлекеттик тендерге катышпадым. Шаардын бюджетинен өзүмө тыйын жасаган жокмун.

-- Азыр курулуш менен алектенген компаниялар аябай көп. Сиздердин ишкананын алардан кандай өзгөчөлүгү бар?

-- Мен саясатка кеткенден кийин бизнесимди ишенимдүү адамдарга өткөрүп бергем. Ал эми биздин компаниянын өзгөчөлүгү –  үйдү толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга тапшырып, ошондон соң гана кийинки объектиге өтүшөт. Чаржайыт баштап алып, элди да, өзүн да кыйнаган болбойт. Биздин принцип – аз курсаң дагы, саз куруш керек. 

-- Бир кездерде Бишкекке метро куруу боюнча идеяны көтөрүп жүрдүңүз эле, ал демилге ишке ашчудайбы?

-- Мен жер үстүндөгү метрону айткам. Азыр Дордой тараптан 12-кичирайонго чейин маршруткада жүргүнчүлөр кыйналып жетишет. Бир башынан аягына жетиш үчүн эки-үч саат убакыт кетет. Бизде даяр рельсалар бар. Мисалы, Кара-Балта–Кант жолу. Башталышында Нижный Тагилдеги вагон заводу менен сүйлөшүп, вагондорду алып келип, Канттан Военно-Антоновкага чейин ылдам поезд жүргүзүп койсо болот. Буга көп акча коротпой, өзүбүздүн эле колдон келе турган нерсе. Мен жолдогу тыгындарды жоюунун эң оңой жолун айтып жатам.

-Башкалаабыздагы райондордун аттарын өзгөртүүнү да сунуш кылдыңыз эле?

-- Эгемендик алганыбызга отуз жылдан ашты. Бирок, көп жер аттары союз маалындагы бойдон калды. Мисалы, Ленин районун эмне үчүн Раззаковдун ысымына алмаштырсак болбойт? Свердов районун Курманжан даткага өзгөртсөкчү? Себеби, дал ошол райондо Курманжан датка көчөсү бар. Даңазалуу апабыз кыргыз элин чоң апааттан сактап калган даанышман инсандардын бири. Октябрь районун Манас, Биринчи Майды Жусуп Абдырахманов, же Чыңгыз Айтматов атынан койсок жарашпайбы? Кыргыздын тарыхта из калтырган уулдары көп. Бул улутчулдук эмес, өзүңдү сыйлагандык.

-Сиз улуттук бокс федерациясынын вице-президенти, Азиянын бокс боюнча конфедерациясынын мүчөсүсүз. Сиздин оюңузча, биздин боксчулар кошуна республикалардай ийгиликтерге жетише албай жатышкандарынын себеби эмнеде?

-Мен ОшМУда окуп жүргөндө ышкыбоз катары бокс секциясына катышчумун. Ошол кезде жөпжөнөкөй форма, тамак-аш көйгөй болчу. Азыр эми ага салыштырмалуу акыбал Кудайга шүгүр. 2010-жылдан бери бокс федерациясында вице-президентмин. Жакшы машыктыруучулар бар эле. Маркум Адылкан Бекболотов менен иштешип калдым. Бокс да элиталык спорт. Ал чоң акча каражатын талап кылат. Спортчу качан өсөт? Көп машыгып, мелдештерге арбын катышканда. Бирок, мелдештерге алып барганга федерацияда дагы, спорт комитетинде да каражат чектелүү. Мен Кыргызстандын атынан мүчө болуп шайланган Азия бокс конфедерациясына кирген 44 өлкөнү салыштырып көрсөм, ийгиликке жетишип жаткандардын көпчүлүгү өнүккөн мамлекеттер экен. Мисалы, эмне үчүн Өзбекстан бокс боюнча алдыда? Себеби, “Узбекстан темир йуллари” ишканасы бокс федерациясынын демөөрчүсү. Биз дагы спорт федерацияларын “Кыргыз темир жолу”, “Манас” аэропорту, “Мегаком” сыяктуу кирешелүү ишканаларга байлап берип койсок, мыкты спортчуларды даярдаганга өбөлгө түзүлөт эле. Алардын уставдарында деле соопчулук, демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча жоболор бар да, туурабы? Жеке демөө         рчүлүк жардам менен спортту өнүктүрүү кыйын. Бизде анчалык даражадагы байлар жок. Албетте, мен бүгүн спортко колдоо көрсөтүп жаткан жеке ишкерлер тууралуу ыраазычылык жакшы сөзүмөн башка эч нерсе айта албайм. Меценат, спорт ышкыбозу катары ошончолук салым кошкондоруна ырахмат! Бирок, бул мамлекеттик деңгээлде кам көрүлө турган тармак.

-- Окурмандарга, шайлоочуларыңызга кайрылып, учур кырдаалынан кеп салсаңыз?

-- Биз пендебиз, көпчүлүк учурда адашабыз. Бирок, мамлекет, элибиздин кызыкчылыктары үчүн адашпашыбыз керек. Аны тарых кечирбейт. Жогорку Кеңештин депутаттарына деле оңой эмес. Жүрөгүңдү оорута турган көптөгөн маселелер болот. Маселен, чек ара, демаркация жана делимитация, же чечилбеген жер көйгөйлөрү менен келиши мүмкүн. Ар бир маселе жүрөк аркылуу өтөт. Келечек кандай болорун жүз ойлонуп, миң толгоносуң. Дүйнөдө өз мамлекетине, туусуна, гербине жете албай жүргөн канча элдер бар? Алла Таалам бизге эгемендүүлүктү оңой эле берип койду. Биз аны барктап, көздүн карегиндей сактай билишибиз керек. Биз качан оңолобуз? Ичтардык менен көралбастыкты токтоткондо, тойкана менен ресторанды азыраак кылып, завод-фабрикаларды көбөйткөндө. Бир кант өндүрсөк да экспортко чыкса, ошондо экономика алдыга жыла баштайт. Ага чейин кредитке той кылгандай болуп жүрө беребиз. Биз билим берүүгө көңүл буруп, мамлекеттик мектептердин базаларын чыңдашыбыз керек. Бир класста 25 окуучудан ашыкча окубашы зарыл. Азыр кырктан окуп жатат. Бишкек шаарында мен билгенден жүздөй мектеп, жетимиштей бала бакча жетишпейт. Мен аттарын айтпай эле коёюн, чоң-чоң компаниялар үй курганга гектарлап жерлерди алып жатышат. Бирок, мамлекет жерди берерде “алган 5 гектар жериңден бир жарым гектарына инфратүзүмдөрүн да курасың, 500 орундуу бир мектеп, 200 орундуу бала бакча тургузуп, мэрияга өткөрүп бересиң” деп милдеттендириши керек. Бул практика Россияда колдонулуп жүрөт.

-- Өлкөбүз өнүгүп, алдыга жылууга үмүт барбы?

-- Азыр мамлекет башчыбыз жана тийешелүү жетекчилерибиз өлкөнү тезинен оңдогонго, келечек муундарга өнүккөн Кыргызстанды калтырууга күч-аракеттерин жумшоодо. Тилекке каршы, андай болушун каалабаган да күчтөр көп. Кызмат же мандат тийбей калса, сын айтып, алардын саясатын элге башкача түшүндүрүүгө аракет кылгандар бар. Адашууга алдырбайлы. Бул жашоо бир келет. Кырк беш жаш да, алтымыш жаш да кайра кайрылып келбейт. Ошон үчүн өмүргө бир келгенден кийин татыктуу жашап өтүш керек. Татыктуу жашоо деген эмне? Балдарга туура тарбия берип, тууган-урук, кошуна-колоң, эл-журт менен жакшы мамиледе болуу. Исламда деле айтат,  “бирөөнү жөндөн-жөн жамандаба, гыйбат кылба” дейт. Тилекке каршы, азыр интернет өрчүгөн заманда адамдар бири-бирин көрбөй, тааныбай туруп жамандашат. Бул туура эмес.

-- Шайлоодо арбын добуш алыпсыз...

-- Ноокат элим мага чоң ишеним көрсөтүп, 13 миң 300 добуш берип, бир мандаттуу №5 Ноокат шайлоо округунан депутаттыкка шайлашты. Бул мага көрсөтүлгөн өтө чоң ишеним, аманат. Эми Кудай буюрса, ошол ишенимди актап, таза иштеп берүүгө ниетим бар


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер