Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миллион доллар уурдаткан Эркин Тентишевге элибиздин тагдыры бир тыйынбы?

Миллион доллар уурдаткан Эркин Тентишевге элибиздин тагдыры бир тыйынбы?

17-июль, 11:18
1 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев үлгүлүү жагынан эмес, үрөй учурган окуялары менен элибизге таанылып келатат. Биздин гезит убагында жазгандай, ОПГларга офисинен миллион доллар тонотуп жиберсе, ал боюнча күрөшпөгөнү кандай? Коркок билиши бар беле? Ушуга улай дагы бир кызыкка токтололу, феодалдык доордогу уруулашуу аркылуу ыкмага өтүп, акчасын чачуу менен чүйлүктөрдүн бир ууч колдоосуна татыганы белгилүү. Солтолордун азганакай бөлүгүн алдап кеткенби? Ошонун айынан облуста анчалык кадыр-баркы жок шекилдүү. Тек гана капчыгынын күчү аркылуу саясат жүргүзүүгө ашыгат. Интеллектуалдык деңгээлдеги жаштарды чогулта албай, чылгый чоң муштум, акылы тайкыларга таянабы? Дал ушундай идеология менен Чүй облусун башкарганын көрдүк! Өткөн айда сугат талаалары соолуп, эгиндер куурап калганы, аныгында, дээрлик күзгү түшүмдөр жабыркаганы жашыруун эмес. Эми зыянкеч жетекчи сөрөйдүн аркасынан миллиондон ашык калкыбыз жабыркайбы? Убалы кимге? Натыйжада, бийликтин рейтингин түшүрүүгө, элди нааразчылыкка түртүүгө негиз түзүп койбойбу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер