Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эски бийликтин кадрларынын тазасы эле генерал Талант Салиев беле?

Эски бийликтин кадрларынын тазасы эле генерал Талант Салиев беле?

26-апрель, 20:58
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Убагында Абдил Сегизбаев мага куугунтук жасаган, бирок мен УКМКнын 1-орун басары болгондо кек сактабай, баарын кечиргем” деп генерал Талант Салиевдин айтып калмай жагы бар. Оомал-төкмөл дүнүйө тура, кечээ кызматтагы адам бүгүн жок, айрымдары түрмөлөрдө... Сооронбай Жээнбековдун кадрлары жарым жылдан бери эле коррупцияга шектелишип, айрымдары качышты, калгандары шагырап эле камалып жатышат, “кускандары” чыгышууда. Мисалы, Курманбек Дыйканбаев, Мухамметкалый Абылгазиев, Самат Кылжыев, Азамат Араев, Бакир Тайыров сыяктуулар коррупцияга айыпталып кармалышса, айрымдары тымызын түрдө экономикалык амнистиядан өтүшкөндөрүн кантебиз? Көмүскө жайдан жансоогалагандар миллиондоп төгүштүбү? Айтор, Сокенин айланасы ирип-чирип кеткендей элес жаратып калганда, кантип эле бирин-экин тазасы чыкпасын? Биз тыкыр көз салып көрсөк, Талант Салиев УКМКнын 1-орун басары катары таза иштеп, 6-октябрдагы төңкөрүштөн кийин кызматын тапшырып, татыктуу түрдө кетиптир. Ошондон бери анын артын “казгандар” илинчек таба алышпай бушайманга батыштыбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер