Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Өз оюн тартынбай айткан Эдил Байсалов мага жагат”

Балбак Түлөбаев: “Өз оюн тартынбай айткан Эдил Байсалов мага жагат”

25-июнь, 12:00
1 449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак Зарлыкович, мамлекеттик кызматкерлерди коргоо боюнча бир мыйзам долбоору даярдалып жаткан экен. Мурдагы чиновник катары буга көз карашыңыз кандай?

-- Мамлекеттик кызматкерлер көп өлкөлөрдө корголот. Министр депутат болот, депутат болбогон кишилер министрликке бара албайт. Бизде да ошол практиканы киргизгени жатышат. Бул туура эле, бирок мындай жол менен эмес. Себеби, ал же депутат болушу керек, болбосо өкмөт мүчөсүнө андай болбойт да...

-- Алардын жүйөсү “азыр мамлекеттик кызматкерлер коркуп эле эчтеке кылбай калышты” деп атышпайбы?

-- Ал андан эмес. Андай отмазка кылбасын. Мен деле Бишкекте мэр, Ысык-Көлдө губернатор болуп, чечимдерди кабыл алгам. Болгону уурдабаш керек. Уурдаба да, ар кандай чечимди чыгара бер...

-- Эдил Байсаловдун иши сизди канааттандырабы?

-- Эдил Байсаловдун кызматына канааттанам. Ал өзүнүн ишин жасап жатат. Өзүнүн пикирин ар дайым ачык айткан өкмөт мүчөлөрүнүн бири. Кандай иштээрин турмуш көрсөтөт, бирок өз оюн тартынбай айтканы мага жагат. Аракетин кылууда. “Өкмөт мүчөсү дудук болуп, жалгыз гана депутаттар сүйлөшү керек” деген туура эмес. Баары өз оюн айтышы керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер