Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Семетей Талас уулу: “Эл толкуп кетсе, чиновниктердин үйлөрүнө кол салышы мүмкүн”

Семетей Талас уулу: “Эл толкуп кетсе, чиновниктердин үйлөрүнө кол салышы мүмкүн”

19-июль, 00:09
8 298 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илдет жайылып, ооруканалар толуп, жарандар каякка барып дарыланарын билбей турган учурда бир катар журналисттер, жарандык активисттер, ыктыярчылар биригишип, мамлекет уюштура албаган күндүзгү жана түнкү стационарларды белендөөгө батынышкан. Адистердин айтымында, мындай иш-аракеттер көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга чоң өбөлгө түзө алды. Алардын бири журналист, активист Семетей Талас уулун кепке тарттык. 

-- Оору күчөгөнү элдик штаб түзүп, алтымыш кишиге ылайыкталган “Ынтымак” стационарын уюштурдуңуздар. Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуздар?

-- “Ынтымак” стационарын уюштурууда чынында эле бир катар кыйынчылыктарга туш болдук. Айрыкча дары-дармектин жетишсиздиги, бул тармактын мобилизация болбогону жүдөттү. Кайсы аптекада кандай дарылардын, ооруканалардагы орундар боюнча маалыматтын жоктугу кыйнады. Түнкү стационардагы койкалар боюнча элде маалымат жок, каякка барып, кимден кеңеш сурарын билишпейт. Анысы аз келгенсип, дарыларды ортодон алып саткандардын саны өстү. Мурда эки миң сом турган дары он миң, жыйырма миң сомго чейин чыкты. Ал эми эки жүз сомдук дарылар сегиз жүзгө көтөрүлдү. Беш-алты эсе, айрым жерлерде он эсеге чейин кошуп сатышууда. Аптекадагылар дарыгерлердин көрсөтмөсү менен келгендерге гана чактап сатса болмок да. Ортодогу пайда көргүчтөр дарыканаларды кыдырып сатып алып, кайра карапайым элге үстүнө олчойгон акча кошуп пайда көрүшүүдө.  

-- Мамлекет, саламаттык сактоо министрлиги кандай жардам көрсөтө алды?

-- Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлердин айлык акысы толук болбосо да төлөндү. Саламаттык сактоо министрлигинен аз сандагы кычкылтек бөлүп чыгаруучу концентраторлор берилди. Жакында вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен жолугушуу болду. Ага күндүзгү жана түнкү стационарларга дары-дармек жеткирүүнү жеңилдетүү, тагыраагы, мамлекеттик дарыканаларды ачууну сунуш кылдым. Учурда ушунун үстүндө аракеттер жүрүп жатат. Бирок, аябай кечигип калышууда. Саламаттык сактоо министрлигинде көптөн бери иштеп келаткан кашаң чиновниктер күйгүздү, алардын бир нерсеге реакция жасамагы тозок экен. Бул министрликтеги медициналык костюмдарды алуу сыяктуу, сатып алууларга байланышкан маселелер көзөмөлдөнгөн жок. Акчалар желип жатат. Өткөндө каржы министри “медиктердин коргоочу кийимдерине үч жүз миллион сом бөлдүк” деп жаткан. Бул акчага жүз миң форма келет. Түркиядан отуз беш миң даана комбинезон келди дешкен. Экөөнү бириктиргенде жүз отуз беш миң форма биздин дарыгерлерге жетмей тургай ашып кетмек. Кыргызстанда жалпы медиктердин саны отуз беш миңге жетпейт да. Ыктыярчыларды кошкондо кырк миң киши болот. Айтор, билбейм, келген акчалар каякка эле кетип жатканы  белгисиз. 

-- Сиздер учурда мамлекет жасай турган жумуштарды аткарып жатасыздар, ал эми республикалык штаб эмне кылып жатат? 

-- Биз карантинде отурганда өкмөт даярдыктарды көрүшкөн эмес. “Жеңил өтүп кетет” деп ойлошсо керек. Башында “коронавирус менен ооругандардын дарегин, аты-жөндөрүн жазгыла” деген сунушту айтып жаттык. Муну менен адамдардын өздөрүнүн сактануусуна жол ачмакпыз. Куру дегенде даректери көрсөтүлгөн сайт болгондо, оору мынчалык жайылбайт болчу. Өкмөт даярдыгы жок болгону аз келгенсип, саламаттык сактоо министрлиги камданууга керек деп сураган  жыйырма миллион доллардын тегерегинде акчаны бөлгөн эмес. Ушундай нерселердин баардыгы кырдаалдын курчуп кетишине шарт түзүп койду. Мисалы, Москванын калкынын саны биздикинен алда канча көп, бирок, алар ишти мобилизациялап, ар ким өз милдетин так аткарып, ооругандардын маалыматын камтыган сайттарды ача коюп, уюштуруу иштеринин гана натыйжасында абалдан чыгып кетти. Биздин өкмөт болсо Бишкектеги бир жарым миллион элди башкара албай, түзүлгөн пландарын да аткара алышкан жок. 

-- Коомчулукта милдетин аткарбаган өкмөттү жоопко тартуу маселеси көтөрүлүп жатпайбы, сиз дагы ушундай пикирлерге кошуласызбы?

-- Бу саам жоопкерчилик маселеси өтө катуу болот деп ойлойм. Өлкөдөгү буга чейинки революцияларда эл президенттердин бийлигине каршы чыгышкан. Анда оору жок, элдин курсагы ток болчу. Мында болсо эл ушундай кыжыры келип турган учур. Кудай сактасын албетте, бирок, эл толкуп кетсе, биринчи кезекте аптекаларга, алардын ээлерине, коррупционер чиновниктердин, депутаттардын үйлөрүнө кол салышы мүмкүн. Коомчулук даярдык болбой калганына, бийликтин элге кол сунуп, жардам бербей койгонуна, дары-дармектердин баасынын көтөрүлүп жатканына өтө нааразы. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер