Максат Атабаев: “Орозо маалында вакцина алып, пайдалуу жактарын айталы”
-- Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жума намаз, айт намаз жана ооз ачуу иш-чараларына убактылуу чектөө коюу сунушталбадыбы. Бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери кандай жүрүп атат?
-- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) COVID-19 боюнча КР штабынын статисткалык көрсөтмөсүнүн негизинде анализ жүргүзүп, эпидемиологиялык абалга жараша апрель айынын башында Бишкек шаарындагы баардык мечиттерди аралыктарды сактап намаз окуу боюнча чечим кабыл алып, ифтарларды өткөрүүгө чектөө киргизген. Муну менен катар мечиттерге кары-картаңдар, жаш балдардын жана ооруп жаткандардын келбей туруусу боюнча сунушталып, дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Ушундай эле саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген сактык чараларын сактоо боюнча өлкө аймагындагы баардык казыяттарга каттар кетип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.
-- Орозо маалында вакцина алууга мүмкүнбү? Дегеле диний көз караштан улам ар түрдүү ооруларга карата эмдөөлөргө каршы чыккандар да жок эмес. Аларга кандай сунуш бересиздер?
-- Орозо маалында вакцина алууга болот. Ошондой эле башка уколдорду да алса болот. Элге эмдөө туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эмдөөнүн пайдалуу жактарын айтуу керек.
-- Мечиттердеги имамдардын билимин жогорулатуу, дааватчыларга туура багыт көрсөтүү боюнча кандай иш-чаралар каралган?
-- 2014-жылдан баштап КМДБдин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте “Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоору ишке ашырылды. Жапысынан 2800 имам толук бир айлык курсту окуп чыгышты.
Мындан сырткары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ханафий мазхабы, матурудий акыйдасы боюнча атайын окутууларды уюштуруп, бирдиктүү жума хутба китеби 4000 нускада басылып чыкты. Муну менен катар өлкө боюнча бирдиктүү темада хутба айтуу графиги жасалды. Учурда ар бир казыят өз аймагындагы имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатууда үч күндүк семинарларды өткөрүп келет.
Ал эми дааватчылардын билим деңгээлдерин жогорулатууда муфтият Ош, Жалал-Абад, Бишкек жана Чүй облустарында атайын бир айлык окуу курстарын ачып, шарият жаатында билимдерин жогорулатып, атайын сертификаттарды берүүдө.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити