Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүү, жаштык, өлүм сүрөттөлгөн Ромео менен Жульетта

Сүйүү, жаштык, өлүм сүрөттөлгөн Ромео менен Жульетта

22-март, 23:20
1 655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атагы таш жарган Уильям Шекспир 1564-жылы 23-апрелде Англияда жарык дүйнөгө келип, 1616-жылы өзүнүн туулган күнүндө, 23-апрелде дүйнө менен кош айтышкан. Ал чыгармачылык чыйырында 17 комедия, 11 трагедия, 5 поэма, 150дөй сонет жазган. Канча кылым артта калса да, Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасы” армандуу сүйүүнүн, жаштык менен ажалдын, күчтүүлүк менен назиктиктин символу катары улам жаңы муундун жүрөгүндө өлбөй-өчпөй жашап келет. Адамзат чыныгы сүйүүнүн аз сандагы каармандарын жакшы тааныйт. Алар Ромео менен Жульетта, Лайли менен Мажнун, Орфей менен Эвридика, Олжобай менен Кишимжан, Раймаалы менен Бегимай ж.б. Булардын баары адамдагы көралбастык, караниеттик, көрпенделиктин айынан жетпей калган сүйүүлөрү үчүн жан кыйышкан. Сүйүү, өлүм, арман, талкаланган жандүйнөлөр, аял менен эркектин ортосундагы комуз кылындай дирилдеген сезимдер жазуучу менен акындын, композитордун, сүрөтчүлөрдүн бүтпөс темасы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер