Дүйшөнбек Камчыбеков: “Алайкуу, Ак-Сай, Арпа, Ысык-Көлдөн нефть кендерин иштетсек болот”
Республикада бензиндин баасы июлда дагы үч сомго өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов ММКларга кабарлады. Анын айтымына караганда, күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташы Россиядагы кырдаалга, тагыраагы, ал жактагы мунай заттарынын каатчылыгына байланыштуу. Буга өндүрүүчү заводдордун чыгарган наркынын көтөрүлүшү да себепкер болууда.
Бул тууралуу тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков ой бөлүштү.
-- Күйүүчү май кымбаттаган сайын элге оорчулук жаралып келет. Нефть өндүрүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз кандай?
-- Негизинен бул жаатта Россия менен Казакстанга көз карандыбыз. Айрым учурда мунай баасы дүйнөлүк саясатка да байланыштуу өзгөрүлүүдө. Эгемендик алгандан бери “өзүбүздө нефть өндүрүүчү кендер барбы? Кандай иштер жүргүзүлүшү керек?” деген маселени изилдедик. 1990-жылдардын башында өнөр жай министрлигинин алдында "Кыргызнефтегаз" мекемеси иштеп келген. Союз тараганда ушул мекеме үчүн оор кырдаал жаралды. Бирок ошол кездеги жетекчилер туура жолго салып кетти. Ал жылдары аталган мекеме 70 миң тоннага чийки мунай өндүрүп келген болсо, былтыркы жылдын эсеби менен бул көрсөткүч 178 миң тоннага жетти. 2021-жылы 173 миң тонна болсо, 2020-жылы 146 миң тонна болгон. Өз керектөөбүздү камсыз кылуу үчүн жылына 1,5 миллион тонна нефть өндүрүүгө жетишишибиз керек. Бул үчүн заводдор зарыл. 1996-жылы Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү чоң завод курушкан. Ал жылына 500 миң тонна нефть чыгарууга негизделген. Бүгүнкү күндө завод иштеп жатат. "Кыргызнефтегазда" 14 мунай кени бар. Башкы кеңсеси Жалал-Абадда жайгашкан. Ал кендердин 600 скважинасы мунай, алтоо газ өндүрөт. Бизде мунайга тийешелүү 50 объект бар. Анын 24ү иштетилип жатса, 26сы чалгындалышы керек. Кыргызстанда 1990-жылдан бери изилденип, 11 миллион тонна нефть кору бар экени айтылат. Ал эми жалпы болжолдоо боюнча мунайдын кору 500 миллион тоннадан кем эмес. "Кыргызнефтегаз" быйыл 200 миң тонна казарын ишенимдүү айтып жатат. Эгер ушул көрсөткүчтү 500 миң тоннага көтөрсөк, түштүк аймакты толук камсыздап коёт элек.
-- Анда бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экен да?
-- Учурда "Кыргызнефтегаз" мекемеси жакшы иштеп жатат. Бүгүнкү күндө болжолдуу кен объектилерине кошумча лицензиялар берилиши керек. Азыр Алайкууда аныкталган мунай кенине лицензия алуу аракетин жасашууда. Нарындын Ак-Сай, Арпа жайлоосунда да мунай бар экени айтылат. Эгер ошол жерлерге да лицензия алып, чалгындоо иштерин жүргүзө турган болсок, кошумча нефть чыгып калышы мүмкүн. Анткени Ак-Сай менен чектешкен Кытайдын аймагында миллиарддаган тонна мунайдын запастарын табышкан. Ошол эле Ысык-Көлдө да нефтинин кени бар. Ал эми Жалал-Абаддагы мунай заводуна келген нефтинин 48 пайызы гана кайра иштетилип жатыптыр. Терең иштетүү жок. Аз көлөмдө бензин, андан бир аз көбүрөөк солярка, калганынын баары мазутка кетет экен. Биз өндүргөн күйүүчү май Европа өлкөлөрүнүн стандарттарына бир аз туура келбей турат. Ошол себептен 2025-жылга чейин заводду модернизациялоо тапшырмасы берилген. Эгер ушул аралыкта жакшылап жаңылап, сатыктагы күйүүчү майдын стандартындагы бензин, күйүүчү май чыгаруу кажет. Модернизациялоо үчүн бардык материалдар даяр, болгону каражат жагы маселе жаратып турат. Бирок мекеме бир катар жабдыктарын жаңылап, улам сатып алууда. Жаңы техника менен кошумча скважиналарды казып, газ алуу планы бар. Былтыркы жылдын эсеби менен таза кирешеси эле 3,4 миллиард сом болуптур. Анын 580 миллион сомун дивиденд катары төлөшкөн. Демек, буларда каражат бар. Болгону жогорудагы иштерди аткарсак, өзүбүздү нефть менен камсыздоого акырындан мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Заводду модернизациялоо үчүн чакан эле каражат керек. Болжол менен 20 миллион доллардын тегерегиндеги сумманы айтып жатышат. Ал завод европалык стандартта курулган.
-- "Кыргызнефтегаз" азыркы учурда кандай кызмат аткарып жатат?
-- "Кыргызнефтегаз" Жалал-Абад жергесинде жайгашкан мунай кендери менен иш алып барууда. Ал эми Баткен жана башка аймактагы кендерди бөлөк компаниялар иштетүүдө. Башында айткандай, 24 лицензия бөлүнгөн экен. Башка компанияларды текшерүү керек. Эгер алардан туура эмес фактылар катталса, лицензиясын "Кыргызнефтегазга" берсек болот. Себеби, булардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар. 2022-жылы 70тей кошумча жаңы машиналардан тарта нефть иштетүүчү шаймандарга чейин алышкан.
Алай жергеси мунай жагынан абдан ыңгайлуу. Ал жактан да лицензия алсак абдан жакшы болмок. Мисалы, Ак-Сай, Арпада толук инфраструктура жок. Нефть казган күндө да машина менен Чүйгө же Жалал-Абадга ташышыбыз керек болот, чыгымы көп. "Быйыл мунай казууну баланча тоннага жеткиришибиз керек, эмдиги жылы түкүнчөгө" дебей, келечекке конкреттүү план түзгөнүбүз оң. "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасы тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын түзүп, 2035-жылга чейинки программа жазып жатпайбы. Анын негизинде "Кыргызнефтегаз" ар беш жылда жасалуучу жумуштарды белгилеп коюп турушу керек. Учурда мекемеде чалгындоо иштерин жасоого толук мүмкүнчүлүк бар жана алты бургулоочу станок иштейт.
-- Бул багытта адистер жетиштүүбү?
-- "Кыргызнефтегаз" мекемеси адистерди даярдоо жагынан да план түзүп алган экен. Өздөрүнүн ичинен эле балдарды тандап, каражатын төлөп Россиядан окутуп, адис даярдап, анан иштетет. Кайсы адис жетишпесе ушундай жол менен даярдап алуу программасы бар.
-- Өзүбүздү өзүбүз мунай менен камсыздоого нефть зоводдорубуздун абалы кандай?
-- "Кыргызнефтегаздын" заводунан тышкары Кара-Балтадагы завод да эки жылдан бери иштебей туруп калган. Ал Казакстандан мунай алып келүү максатында тургузулган. Эми заводду модернизациялоо ниетин билдиришүүдө. Андан кийин мунай алып келүү, иштетүү шарттарынын баары сүйлөшүүнүн негизинде чечилет. 1990-жылдардын аягында Кантка жакын жерде сырттан алып келинген нефтини кайра иштетүүчү завод курулган. Мындай жол менен деле иштетсе болот. Булар өлкөдөгү үч чоң ишкана. Ал эми калгандары майда ишканалар. Эң негизгиси, келечекте биз өзүбүздү өзүбүз мунай менен камсыздоого жетишишибиз керек.
-- Бул жетишкендик баанын төмөндөөсүнө таасир эте алабы?
-- Бул эми дүйнөлүк экономиканын баасынын өсүү саясатына байланыштуу болот да. “Эртең эле баа түшөт” деп айта албайбыз. Сөзсүз түрдө өсүүнүн үстүндө болот. Бардык жашоого керектүү заттар кымбаттап жатат. Нефть өндүрүүгө керектүү шаймандарды да сырттан сатып келебиз, бирок сырттан келген мунайдын баасына көз карандылыгыбыз азаят.
-- Экологияга кандай таасир этет?
-- Мунай иштетүүчү заводдо Бишкек ЖЭБдикиндей түтүк жок. Түтүктөрдүн ичинде белгилүү бир температура кармалып, үч продукция бөлүп алынат. Үстү керосин, ортосу бензин жана түбү мазут. Ал сыртка чыкпай, үч түтүккө бөлүнүп кетет да, дароо машиналарга куюлат. Эч кандай жыт сезилбейт. Ал эми нефть казган жай да жабык болот. Эч жерге төгүлбөйт. Экологияга зыян алып келбейт.