Азамат ЖАМАНКУЛОВ, маданият, маалымат жана туризм министри: “Айтылган сындарды анчалык деле катуу кабыл алганым жок”
-- Азамат мырза, музейдеги окуядан кийин сиз тарапка бир топ сындар жаады. “Министрликтен кетсин” дегендер болду. Оор тийген жокпу?
-- Сындарды эч кандай деле катуу кабыл алганым жок. Тескерисинче, чыйралтты. Адамдар ар кандай көз карашта болот эмеспизби. Менин чечимдерим айрымдарга жакса, айрымдар жактырбайт. Бирок пикирлерин, көз караштарын талдап, керектүү сындарды туура кабыл алдым.
-- Маданиятыбызга жакын арада “жарк” эте турган жаңы долбоорлор барбы?
-- Азыркы учурда театрлардын баарын оңдоо иштеринен өткөрүп, жаңыртып жатабыз. Жакын арада музейлерге өтүп, музейлерди жаңыртып баштайбыз. Андан кийинки кезек айыл жергесиндеги маданият үйлөрүнө өтөбүз. Ошону менен бирге китепканалардын форматтарын өзгөртүп, жаңыча иш алып барган китепканаларга айландырганы турабыз. Биздин кинотеатрларыбызды мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен буюрса жаңы кинотеатрларга айландырабыз. Ушул иштердин баары алдыда турат.
-- Жазуучулар союзу айлык акысыз, кеңсесиз, кыйын жагдайда экенин айтышты эле?
-- Айлык акылары чечилиши мүмкүн эмес. Анткени алар биз тараптан каржыланбайт. Бирок грант бөлүнүп берилип, жазуучуларды колдоо каражаты 2020-жылы бөлүнө турганы каралып жатат.
-- ОРТ, РТР телеканалдарын калтыруу боюнча эки ача ойлор айтылып жатты эле. Бул каналдарды калтырууга акча бөлүндүбү?
-- Алар боюнча иш жүруп жатат. Аларды Кыргызстанга тарттыруу боюнча бир топ маселелер бар эле. Ошону чечкенге аракет жасап жатабыз. Анткени ОРТ менен РТР Кыргызстанга жакшы контенттерди берет. Ошолорду алып калуу боюнча ички бир канча маселерди чечип жатабыз.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити