Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курбу кызым жек көрүмчүгө айлана баштады. Күйөөмдү тартып алабы?

Курбу кызым жек көрүмчүгө айлана баштады. Күйөөмдү тартып алабы?

18-август, 12:38
1 402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бала кезден курбу болгон, бир партада бирге отуруп, балалыктын нечен сонун күндөрүн бирге өткөргөн, жан сырыбызды бирге бөлүшкөн курбум күн санап жек көрүмчүгө айланып, мени азапка салып, айламды кетирип барат.

Биз бой жетип, жогорку окуу жайда да курсташ болуп, университетти да аяктадык. Экөөбүз эки мырзанын колун кармап турмуш жолуна аттанганда да, достугубуз жакшы сакталып, күйөөлөрүбүз менен бирге катташып жүрдүк. Бирок, жашоо баары сен ойлогондой боло бербей, улам алдыда ар кандай сыноолору менен күтүп турат экен. Курбу кызымдын күйөөсү кызыл камчы болуп чыкты. Ар бир таяк жеген сайын биздин үйдө. Ата-энеси айылда болгондуктан, ага-жеңесин жеке турмушуна аралаштыргысы келбей биздикине келет. Жети айлык уулу менен жылдап үйүмө батырып жашай берүүгө макул элем, бирок, бул келиши абдан узакка созулуп, күйөөсү башканы таап алганы да маалым болду. Биз колубуздан келген жардамызды аябай калкалап келебиз. Мага да сонун, жумуштан келгенимче тамак жасап, баарын иреттеп коёт. Бирок, күн санап күйөөм экөө жакын болуп баратканын сезе баштадым. Мен иштен келгенде күйөөм анын уулун көтөрүп, кобурашып, күлүп-жайнап отурушат. Мен келгенде дароо өңдөрү өзгөрөт. Бири-бирин кылгырып караганы жанга батат. Ошентип жандай көргөн курбум жек көрүмчүгө айланып бара жатат. “Күйөөмдү тартып алабы?” деген коркунучтуу ойлор келе баштады...

Кыял

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер