Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Катаганов: “Баткенге башкалар эмес, президент өзү барышы зарыл!”

Анарбек Катаганов: “Баткенге башкалар эмес, президент өзү барышы зарыл!”

20-февраль, 21:53
2 141 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баткендеги чек ара маселелери боюнча эл митингге чыгууда. Баткендеги чыныгы жагдайды өз көзүң менен көрүп келген активист катары кандай пикир айтасың?

-- Бир ай мурун Баткен облусунун Көк-Таш айылына барып кайтканбыз. Ал жакта акыбал өтө оор. Биздин жерлер, тоолор алар тарапка өтүп кеткен. Алардын чек ара кызматкерлери улам бери жылып жатат. Бир тоо аларга өтүп кетти. Ал тууралуу маалымат ачыкка чыккан жок. Биздин өкмөт жерине барып, тыкыр изилдөө жүргүзүүсү зарыл. Жерлер сатылып, арадан беш-он жылдап убакыт өткөндөн кийин гана чындык ачыкка чыгууда. 

Ал жакта көчүп жаткан кыргыздарга көбүрөөк акча сунуштап жатышат. Сатып алары менен арык менен тосуп, Тажикстанды көздөй жолдорду салып жатышат. 

Ворухка кетип бара жаткан жолдо да көйгөй толо. Алар ошол жерлерди сатып алууга, акыры ээлегенге жанталашууда, таштар менен тосуп башташкан. 

Биздин эл көтөрүлсө да, саясатчыларыбыз унчукпайт. Саясатчылардын арасында чек ара маселеси менен өз кызыкчылыктарын аралаштыргандар да жок эмес. “Мен чек ара маселесин чечип берем” деп кызмат сурап жүргөндөрү бар. 

Ал жерге президент өзү барышы керек. Керек болсо бир ай жатып, жашап, ийне-жибине чейин изилдеп, баарын ордуна коюп, жайгаштырып келгени учур талабы болуп турат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер