Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сулайман Кайыпов: “Памирликтердин ширине тамагы пандемияга табигый вакцина”

Сулайман Кайыпов: “Памирликтердин ширине тамагы пандемияга табигый вакцина”

01-февраль, 12:50
2 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сулайман агай, арыбаңыз! Сиздин памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты боюнча жазган изилдөөлөрүңүз Кытайдан үч том болуп басылып чыкканын уктук. Кут болсун!

-- Бар бол, Сурат, рахмат! Бирок, андан бери төрт-беш жыл өтүп кетти го...

-- Биз эми угуп жатабыз да. Адегенде жеке өзүмдү кызыктырган бир суроомду берип алайын, агай. Сизди биз филолог, фольклорчу катары билчү элек, анан тамак-аш маданиятын изилдеп кеткениңиз кандай болду дейм да?  

-- Ушул суроону башкалар да көп беришет. Сен айткандай, мен фольклорчумун. Фольклорчулук – бул кесип гана эместагдыр, жашоо образы. Чыныгы фольклорчу жок дегенде этнология маселелерин өз кесибинен төмөн эмес деңгээлде билиши керек. Мен памир кыргыздарынын тамак-аш маданиятын этнологиялык изилдөө катары аткардым...

-- Ошентсе да филология менен этнологиянын айырмалары бар да, агай.

-- Бар, албетте. Этнология багытында илимий иш жазуу мен үчүн оңойго турган жок. Көп нерсени башынан баштап кайрадан өздөштүрүүгө туура келди. Көп убакыт, күч сарптадым...

-- Кандай болду эле, ошолор жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

-- 1997-жылы 5-май күнү Кыргызстандан Түркияны көздөй жол тарттым. Кыргызстанда менин кесибим менен жан багууга мүмкүн болбой калган маал эле. Жашаш үчүн же бир кланга киришиң керек болчу, же пара алышың керек, экөөнүн бирөө. Университетте декан болуп, проректор болуп иштеп жүрдүм. Ректорлук шайлоого катышып, өтпөй калдым. Кыскасы, өмүрдүн кара тилкеси башталды. Кыйла эле түрткүнчүк болдум. Анан кечтим байдын кызынан дедим да, Түркиянын Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл университетине барып орноштум. “Убактылуу иштеп турайын, англис тили маселесин чечип алып, океандын ары жагындагы өлкөгө кетем, ошол жакка биротоло жерлешем” деп ойлогом. Тагдыр экен, Ванда туура 10 жыл өмүр кечирүү мага насип болду.

-- Вандагы Рахманкул хандын кыргыздарын ошентип изилдеп калгам дебейсизби?

-- Ооба, ошентип изилдеп калгам. 1997-жылдын 9-майында ишке кирдим. Бир жума өтүп-өтпөй сен айткан кыргыздарга бардым. Айылчылап барган жокмун, фольклорчу эмесминби, бир илимий макала үчүн маалымыт жыйнаганы бардым. Айылды кыдырып, адамдар менен сүйлөштүм, тааныштым, элдик оозеки чыгармаларды жыйнадым. Эң негизгиси, ал этностук топтун мен сыяктуу изилдөөчү үчүн табылгыс казына экендигин түшүндүм. Эми макала эле эмес, китеп жазуум керек экен деп өрөпкүп калдым. Ошентип отуруп, “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын фольклору жана тили” деген жалпы аталыш менен эки-үч китеп жазууну чечтим. Бирок, улам материал жыйнап, тереңдете иштеген сайын планымдын алкагы кеңейгенден кеңейе берди. 

Бир күнү мындай болду. Элдик оозеки чыгармаларды талдап жатып, кесибимдин талабына ылайык, бул этностук топтун этнографиясы тууралуу материалдарды да камтый кетмекчи болдум. Алардын элдик оюндары жөнүндө маалымат жыйнап жүрүп, анын байлыгына абдан таңкалган жайым бар эле. Бул сапар тамак-аш маданияты тууралуу маалымат алайын дедим. “Булар эт менен сүттөн башка эмне жеди дейсиң?” деген пикирим үчүн барган сайын уяла баштадым. Бир эле күндө кыйла материал топтоп, бул ишти профессионалдык усулда иштөө керек экендигин түшүндүм. Мына ошондон баштап изилдөөмдүн аты өзгөрдү: “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын фольклору, тили жана этнографиясы” болуп калды. Ушул аталышта долбоор жазып, иштеп жаткан университетимдин ректоруна сундум. Ал аябай жактырып, жардамын аяган жок. Ал өзүнчө сөз. 

Ошентип, этнография, анын ичинде тамак-аш маданияты менен элдик оюн-зоокторун чыныгы этнографтарча изилдеп чыгууга белсендим. Чынын айтайын, менин этнология жаатындагы фольклорчу катары билгендерим илимий эмгек жазуу үчүн аздык кылды. Адабияттарды кайра баштан жылдап окуп, ар кайсы өлкөлөрдөгү этнографиялык изилдөөлөр менен жакшылап таанышып чыктым. Ошондон кийин гана атайын программа, суроолор тизмегин даярдап алып, кайрадан, эми илимий усулда материал жыйноого кириштим. 

Жыйынтыгы жаман болгон жок. Катардагы этнографиялык эмгек эмес, өндүрүшкө коюла турган болчу болсо өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган, жалпы адамзаттык мааниси бар илимий корутундулардын ээси болуп калдым. Ал учурда элүүгө жакын илимий макала жарыяладым. “Пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсы: ритуaл жaнa турмуш, сaлттуулук жaнa жaңылaнуу: этнoлогиялык изилдөө” (Бишкек: Бийиктик, 2011. – 180 б.), “Пaмир кыргыздaрынын сүттөн жaнa эттeн жaсaлгaн тaмaк-aштaры: этнoгрaфиялык изилдөө” (Бишкек: Бийиктик, 2011. – 220 б.), “Дaн эгин, мөмө-жeмиш жaнa жaшылчaлaр (пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсындa): этнoгрaфиялык изилдөө” (Бишкек: Бийиктик, 2011. – 160 б.) деген үч монография бастырдым. Акырында белгилүү тарыхчы-окумуштуулар Э.Ж.Маанаев менен О.К.Каратаевдин кеңешчилиги астында докторлук диссертация коргодум.

-- Кытайда басылган үч томдук ушул айтып жаткан үч монографияңыздын кайра басылышыбы?

-- Жок, ал үч монография Кытайдан чыккан үч томдуктун экинчи томун гана түздү. Башкача айтканда, аталган үч монографиямды бириктирип, кайрадан иштеп чыгып, ошол экинчи томго киргиздим. Ал памир кыргыздарынын тамак-аш маданиятынын теориялык маселелерин, сүттөн жана эттен жасалган тамак-аш түрлөрүн, дан эгин, мөмө-жемиш жана жашылчалардын тамактануу системасындагы ордун иликтеген өз алдынча илимий эмгек болуп калды.  

-- Биринчи жана үчүнчү томдоруна эмнелер кирди?

-- Биринчи томдо кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарыяланган 26 тандалма илимий макалам жана “Тажрыйба алмашуу – ыйык вазийпам” деп аталган кириш сөзүм орун алды. Томдун бетачар сөзүн “Учур талабы ушундай” деген ат менен кытайдын кыргыз тектүү окумуштуусу, өз өлкөсүнүн патриоту, белгилүү адабиятчы, фольклорчу, профессор Мамбеттурду Мамбетакун жазган. 

Үчүнчү томду болсо, докторлук диссертациямдын жана кыргыз, орус тилдеринде жарыяланган авторефераттарымдын тексттери, ошондой эле окумуштуулардын алар тууралуу жазган пикирлери ж.б. документтер түздү. Диссертациянын текстин минтип баардык документтери менен жарыялоо идеясы университет тарабынан чыкты. Анын илимий жана педагогикалык тажрыйба алмашууда керектелерин айтышты. Макул болдум.

-- Калем акы жагы жакшы эле болгондур ээ?

-- Жок, бул үч томдун бир сөзү үчүн да калем акы алган жокмун. Мамбеттурду Мабетакундун “ушул эмгектериңиз биздин өлкөбүзгө берген белегиңиз болсун. Калем акы төлөнбөйт. Китебиңиз чыккандан кийин анын методологиялык, илимий жактарын пайдаланабыз. Автордук укугуңуз сакталат. Балким, өндүрүшкө ылайык жактары колго алынып калса, ага да каршы болбойсуз го дейм, агай” деп мага ачык айткан. Мен көп ойлонбой, чын дилимден “белек кылгам”.  

-- Бул сунушту кубануу менен кабыл алгандырсыз?

-- Жок, кубанган деле жокмун. Илимий чыгарма бул – илимпоздун интеллектуалдык менчиги, негизги байлыгы, эң аялуу нерсеси да. Аны эч ким бекер бербейт, көрүнгөн жерде жарыялана беришин да каалабайт. Мен бир жагы, өз өлкөсү үчүн күйүп-жанган Мамбеттурду Мабетакундун сунушун четке кага албадым. Экинчи жагы, мен алгачкы үч монографияны Бишкекте өз каражатыма бастыргам. Анан да биздин өлкөдө анда жазылгандарды өндүрүшкө коюуну али эч ким ойлоно турган эмес. Балким, Кытайда өндүрүшкө коюлуп калар деген үмүтүм да болгон.

-- Мисалы, кайсы тамактарды өндүрүшкө киргизсе деп ойлодуңуз эле?

-- Көп да. Ар түрдүү, эттен кактап бышырылган, дымдап бышырылган тамактардын түрлөрү канча дейсиң? Топоздун, койдун, эчкинин сүтүнөн өндүрүлгөн быштак, эжигей, айран, жуурат, курут, каймак жана сары майлардын түрлөрүчү?.. Деңиз деңгээлинен 4–5 миң метр бийиктикте, дан эгин өспөгөн жерлерде жашашса да памир кыргыздарынын аялдары жасаган токоч, боорсок, каттама, чабаты ж.б. нан түрлөрү даамы менен гана эмес, көркү менен да айырмалуу. Бизде унутулуп, колдонулбай калган тамактар аларда бар.

-- Ошол унутулгандардан бир-эки мисал келтире кетпейсизби?

-- Келтирейин. Мисалы, XIII кылымда Кытайда басылган “Йин-шан Ченг-йао” (“Императорлордун жеши керек болгон жакшы жана туура нерселер”) аттуу китептен умач жана буламач деген тамак аттарын учуратууга болот. Булар биздин ашканабызда кылымдар бою жасалып келген жана кийинки мезгилдерде унутулуп калган умач менен буламык аттуу тамактардын өзү. Ошол бир кездерде императорлордун азыгы болгон умачтын жыйырмадан ашуун түрүн кечээ жакынга чейин эле жасап ичип келишкен памир кыргыздары. Аны кайрадан жандандырууга эмне үчүн болбосун?

Сүт азыктарынан да бир мисал келтирейин. Памир кыргыздары кылымдар бою быштактын суусунан кайнатылып жасалган ширине деген тамакты колдонуп келишкен. Адегенде сүттү салттуу ыкма менен иритип, анын сары суусун сүзүп алып, сүзүлүп чыккан тунук суюктукту кайнатуу жолу менен койгулт, кургатып алууга жарамдуу азык өндүрүшкөн. Ал азыкты сууктан коруй турган, ооруларды сакайта турган өзгөчө тамак катары эсептешкен. Бирок, азыр аны жасоо технологиясын Түркияда жашаган памир кыргыздары таптакыр унутушкан десе болот. Көп жылдык аракеттерден кийин мен анын жасалыш жолдорун калыбына келтирип да чыккам. Абдан кызыгып, Кыргызпатенттен анын күбөлүгүн да алган болчумун. Иммунитетти көтөрүп, кандын айланышын жөнгө сала турган бул тамак өндүрүшкө коюлган болсо, мына бул пандемия апааты менен күрөшүүдө огожо болмок. Табигый вакцина милдетин аткармак.

-- Памирде адамдар өтө аз жашайт, тамактары сапатсыз, витамин жетишпейт го? Сиз болсо...

-- Анын баары кызылдай калп! 1997-жылы май айында барганымда “Бараканбек ажы өттү, 116 жашта деп жерге койдук, чынында 130 жаштарда болсо керек эле” дешкен. Аябай таңкалгам. Ошол эле жылы 106 жаштагы Тажибай деген аксакалдан ашыглык ырларын жазып алгам. Конокбай деген карыянын 108 жашка толуп дүйнөдөн кайтканына бир жыл толо элек. Мына ушул күндө 100 жаштан ашып кеткен Айтмахамат ажы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, интервью алсаңыз да болот. Булар, албетте, чыныгы памир кыргыздары, Памирде туулуп өсүшкөн. Ал эми жанагы Памирде туулуп жашап жатканы менен эч иш кылбай, элдик оюндарды ойнобой, баңгизат чегип, салттуу тамактарды жасап жебей кезээрип жата берип, 40 жашында о дүйнө кеткен макулуктарга сөз жок!

-- Агай, салттуу тамакты айтып калдыңыз...

-- Ооба, ар бир элдин өзүнүн салттуу тамактары болот. Ал ошол элдин жашаган экосистемасына ылайык калыптанат. Ошого жараша адамдардын тамактануу системасы, азыктануу модели жана рациону келип чыгат. Булардын бирөө эле бузулса, адамдардын ден соолугу кошо бузула баштайт. Тамак адамдардын менталитетин да аныктайт. Жегениң эмне болсо, өзүң ошосуң деген кеп. Булар алда качан далилденген нерселер.

-- Сулайман агай, маегибиздин акырында бир жалпы суроо берип калайын. Памир кыргыздарынын фольклору, тили жана этнографиясы деп жатпайсызбы, бул өзү чоң долбоор окшойт, азыр иштин кайсы жериндесиз? 

-- Памир кыргыздарынын элдик оозеки чыгармачылыгы боюнча 14 (он төрт) китеп пландаган элем. Материалдарын толук жыйнап, бир сыйра “тикелеп” койгом. Айрымдарын кайра карап чыгып жарыялоого жетиштим. Тилин изилдөө боюнча эки китебим кол жазма түрүндө турат: бири “Говордук-этноменталдык сөздүк”, экинчиси “Грамматикалык очерк”. Этнография жаатында болсо “Памир кыргыздарынын элдик оюндары”, “Памир кыргыздарынын этнографиясы” аттуу монографияларым, “Памир кыргыздарынын этнографиялык сөздүгү” аттуу кол жазмам басууга даярдоо үчүн жасаган аракеттеримди күтүп жатышат. Капчыгың толо болбосо, китеп бастыруу оңой эмес, өзүң билесиң.

-- Кыскасы, памир кыргыздарынын баардык маселелерин түп көтөрө изилдеп чыкан турбайсызбы?

-- Жок, Сурат. Менин тишим өтпөгөн көп нерселер ошол бойдон калды. Мисалы, алардын тилин социолингвистикалык аспектте изилдөө зарыл эле, аны эч ким колго алган жок. Этнографиясы жагынан алсак, салттуу жана азыркы турак жай, кийим-кече, аялдардын жасалгалары, прикладдык көркөм өнөр, музыкалык фольклор жана музыкалык аспаптар ж.б. ондогон, ар бири бирден монографияга булак боло турган тармактарга колум жеткен жок. Акырында бир гана “Памир кыргыздарынын этнофилософиясы” деген темада материалдар жыйнап жетишип калдым. Буюрса, аны да сааты чыкканда жарыялайм.

-- Рахмат, Сулайман агай! Көп иш жасапсыз, алдыда аткарыла турган жакшы пландарыңыз бар экен, ылайым ишке ашсын. Эмгектериңиз элибизге буюрсун! 


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер