Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Сариев: “Альтернативалуу темир жолу ачылса, Россия Борбор Азиядагы таасирин жоготот”

Марс Сариев: “Альтернативалуу темир жолу ачылса, Россия Борбор Азиядагы таасирин жоготот”

29-август, 12:00
289 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Быйыл күзүндө Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун баштоо боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлмай болду. Бул ири саамалыкка кандай пикирдесиз?

-- Биз аркылуу өтө турган бул темир жол долбоору Бээжинден Парижге чейин барат. Борбор Азиядагы геосаясый абалдын чукул өзгөрүшүнө алып келет. Борбор Азия чөлкөмүндө абдан сезилерлик экономикалык "чоң секирикке" өбөлгө түзөт. Бул абдан маанилүү. Ошондуктан Өзбекстан дагы аталган долбоордун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Быйыл сентябрда ШКУнун жыйынында тарыхый макулдашуу кабыл алынары эл аралык эксперттик коомчулукта алдын ала айтыла баштады. Бул долбоор бизге, анан жалпы эле Борбор Азияга абдан пайдалуу.  

Албетте, буга дүйнөлүк башка оюнчулар тоскоолдук жасашат. Азыркы абалда деңиз жолдору буулуп калышы мүмкүн. Анда Кытайдын экономикасы отуруп калат. Ошондуктан, Бээжин кургактан коридор ачып, темир жолду ишке ашырууга абдан кызыкдар. Анан калса бул темир жолу Россияны айланып өтөт. Ошондуктан 20 жылдан бери бул долбоор ордунан жылбай келген. Анткени Москванын кызыкчылыгына туура келбейт. Биринчиден, ал Транссибирь темир жол магистралына атаандаш болот. Экинчиден, бул альтернативалуу темир жол коридору ачылса, Россия Борбор Азиядагы таасирин жоготот. Бул чөлкөм Россиядан алыстап, Кыргызстан менен Өзбекстан үчүн Азия–Тынч океан аймагына жана Европага чыгууга жол ачылат. Ошондуктан геосаясый абал кескин өзгөрөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер