Ымыркайымдын үнү дагы сени унутууга жардам бере албады...

Канча жылдар өттү. Мен кайрадан эч кимди сүйө албадым. Жыл санап карып бараткансыйм. Бирок мага өткөн күндөр гана баалуу, барктуу. Ал күндөрдү унутууга эч жакшы нерсе жардам бере албады. Кыпкызыл вино, жагымдуу сөз, мен окуган китептин кызыктуу барактары, Шопендин кайрыктары, мени сүйгөн сулуулар, кеч болсо да мен уккан ымыркай үнү... Айвазовскийдин “Тогузунчу валына” канчалык суктанбайын сага жетпейт. Жараатымды айыктырууга эч бир дабаа табылбады. Сен бир суу түбүндө катылган асыл бермет болдуң. Көкүрөгүмдүн тереңинде боздогон бир кайрыктай дайыма жанымдасың. Каза болсом да көрүмдө бул кайрык коштоп жатат го...
Желбиреген кыпкызыл көйнөгүң түшүмө кайталанып канча ирет кирди. Терең, кайгылуу, бирок жарык сүйүү өмүр бою мени коштоду. Бул сүйүүнү тартуулаган тагдырыма кээде ыраазы болуп кетем. Жетпесем дагы...
Актилек