Райым Матраимовго асылган Сыймык Жапыкеевдин айнып калганы ушулбу?
Өйдө-ылдый сүйлөп, өзүнө окшогондордон күйөрман топтоп алган Сыймык Жапыкеев аттуу блогер бар. Азыр буга көпчүлүк ишенбей, кечээги сөзүнөн эртең айнып кетерин баары билип калышкан. Эмесе, бул эргулдун эмоция менен адашып жазып алганын, катуу жаңылганын айгинелеп коелу.
Пандемия апааты келгени, ага бийликтин туруштук бере албай калганы ырас. Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк коомчулук да бул көрүнүштөн кыйналды. Ооба, биздеги коронавирустун жайылышына, адамдардын көп оорушуна, өлүм арбыганына иралды өкмөт күнөөлүү. Андан кийин башкалардан айып издесек болот. Тилекке каршы, Сыймык Жапыкеев адатынча оргу-баргылыгына салып, жогорку кызматтагы адамдарды “геноцид кылганыңар үчүн жооп бересиңер” деп жазып, бир тобун тизмектеп, арасына Райым Матраимовду да кошуп шыбаптыр. Аша чаап кетиптир! Мындай чалагайымдык, баарын көрүп-билип туруп, кыянаттык менен коомчулуктун башын айлантуу акылга сыйбайт.
Маселен, март айында карантин башталганда эле Райым Матраимовдун колдоосу менен өлкөбүздүн баардык аймактарына гуманитардык-медициналык жардамдар таратыла баштаган. Кыйналган калың катмарга кадимкидей таканчык болуп, ажаат ачылганы маалым эле... Андан көп өтпөй июндун аягында коронавирус Кыргызстанга тездик менен жайылып, кырдаал курчуй баштады. Дал ушундай оор шартта Райым Матраимовдун демилгеси менен ооруканалар биринин артынан бири ачылып, вирусту жеңүү үчүн медицианалык аппараттар, дары-дармектер алынып, бүгүнкү күндө да жигердүү иштеп жатышат. Миңдеген, жүздөгөн мекендештерибизге шыпаасы тийүүдө. Пандемия бүткүчө Райым Матраимовдун кайрымдуулук иштери дагы уланмакчы. Эл деле кимдин-ким экенин билип калды...
Ал эми Сыймык Жапыкеев баягыдай эле кухнясына отуруп алып, чагымчылык жасап, ар кимди ашатууда. Керек болсо ИИМдин сурагына барбай турганын, 5-10 миң адамды чогултуп алып, борборго түшөрүн да “балп” эттирди. Элдин күчүнө таянып, бийликтен сурак аларын айтып атса, күлкүң келет. Сыймык Жапыкеев өзүн Алмазбек Атамбаевдей сезип алып, төңкөрүштүк коңгуроолорун коркпой эле кагып атканы кандай?..
Aryba.kg