Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Баткендеги жергиликтүү жигиттерге курал берели”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Баткендеги жергиликтүү жигиттерге курал берели”

04-октябрь, 09:00
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, сиз учурунда чек арада жашаган калкка курал берүүгө каршы чыктыңыз эле. Баткенге жасаган сапардан кийин көз карашыңыз өзгөрдүбү?

-- Мен бирдекеге абдан таңгалдым. Кечээ эле согуш болгону, жакын эле жерде үйлөр өрттөнүп турганы сезилген жок алар менен сүйлөшүп атканда. Ошондон улам ойлонуп калдым, чын эле аларга сурап аткан куралын бериш керек окшойт. Эмне үчүн дегенде, булар кырдаалга көнүп калышкан, коркушпайт. Алар жердин шартын сонун билишет. Эч кандай чалгындын, контрчалгындын кереги жок. Ошондуктан, биз курал маселесин тез арада чечишибиз керек. Бир спецназчыны кармаш үчүн кеткен чыгым айына менимче жүз миң сомго чейин айланат. Ал эми ошол жердеги жаш жигитке айлыгын төлөсөк, көп болсо 15 миң сом кетет. Ага форманын, тамактын, жата турган жердин кереги жок. Болгону курал берчү жерин так уюштуруп, ашып кетсе он мүнөттө ала тургандай кылыш керек. Эмне үчүн айлык төлөнүшү керек? Чек ара заставасынын башчысына баш ийиши үчүн. Жөн эле курал берип койгондо баш ийбейт.

-- Дагы кандай кадамдар керек деп ойлойсуз?

-- Эгер биз тынчтык болушун кааласак, согушка даяр турганыбыз оң. Бизде кандай болуп атат? Жарым ай, бир айда унутулуп калат, ошол бойдон жүрө беребиз. Анан кайра кол салса эле кайра даяр эмес болуп чыгабыз. Ошол жерде кызмат өтөгөн жоокерлер, чек арачылар, жергиликтүү эл өздөрүн көрсөтүштү. Ченемсиз баатырдыкты далилдешти. Алардын айлыктарын көтөрүү зарыл. Эгер биз үч кесипти сыйлабасак, мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келет. Алар: ак халатчандар, мугалимдер, анан погончондор. Ак халатчандар менен мугалимдерге көбөйттүк, бирок погончондорду унутуп койбодукпу. Мүмкүн ошол погончондордон башташ керек беле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер