Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Асылбаева менен Осмонова сөз эркиндигин муунтканга салым кошууда”

“Асылбаева менен Осмонова сөз эркиндигин муунтканга салым кошууда”

25-июнь, 12:45
977 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзамды ишке ашырууга депутаттар билек түрүнүп киришип алгандай. Сөз эркиндигине доо кетире турган мыйзам ишке ашып кетсе, максатына деле жетпей, тескерисинче, айрымдардын кызыкчылыгы үчүн иштеп калары айкын болууда. Аталган мыйзам боюнча эксперттерге суроо жолдодук.

Болот Темиров, “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору:

-- Албетте, каршымын. Себеби дегенде, бул мыйзам максатына жетпейт.   Демилгечилер “жалган маалымат менен күрөшөбүз деп айтып жатышат. Негизи мыйзамды тагыраак окуп чыксак, ал максатына жетпейт дагы. Андан сырткары, бул мыйзам долбоору түздөн-түз сөз эркиндигине шек келтирет. Себеби, мыйзамда фейкфейк аккаунт деген сөздөр жок. Интернет сайттарды жана интернет колдонуучуларды мыйзам боюнча жоопко тартышат. 

Кокус кабыл алынса, маданият министрлиги же башка укуктуу орган бул сайтты жабабыз-жаппайбыз деп алар чечип калышат. Бул депутаттардын кызыкчылыгы үчүн түздөн-түз сонун мыйзам, себеби, көп депутаттар жакында боло турган шайлоого өз партияларынан катышат. Алар тууралуу сын-пикир жараткан сайттарды, аккаунттарды укуктуу орган тарабынан жапканга оңой болот. Ошон үчүн алар мыйзамды кабыл алууга аракет кылышууда. 

Коомдук талкууга барып, мен айрым пикирлерге чыдабай кеттим. Депутаттардын жалган айтып, бурмалаганы таңгалдырды. Чыдабай кетип кыйкырышууга да мажбур болдум. Коомчулук дагы кат жазып каршылыктарын билдиришүүдө. Депутаттар көкбеттенип кабыл алса, жашоо өзгөрөт. Мурдагы сөз эркидигинен кыйла артты көздөй кетебиз. 

Канышай Мамыркулова, журналист:

-- Гүлшат Асылбаева башында турган демилгечи топтун мыйзам долбоору чийки, көчүрүлгөн. Муну өздөрү деле жакшы билишет. Журналисттер журтчулугу Асылбаеванын мындай орунсуз мыйзамы жок эле жашап келген. Жалпы журт деле муктаж эмес. Алтынчы чакырылыштын андай чала сабат мыйзамын мисалы, мен колдобойм жана баш ийбейм. Калган жарандарды дагы ошого чакырам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер