Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апамдын мүрзөсүнө бараткан жолдон атамдын сөөгүн таап келишиптир

Апамдын мүрзөсүнө бараткан жолдон атамдын сөөгүн таап келишиптир

25-март, 13:56
1 796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен мектепте окуп жүргөндө 9-классты аяктаганча бактылуу балалыкты баштан кечирдим. Бир үйдүн кичүүсү элем. Анда ата-энемдин көзү тирүү. Атам айылдагы өз чарбасы бар эмгекчил жан эле. Апам болсо соода-сатык иштери менен алектенчү. Ошол кезде Советтер союзу жаңыдан ыдырап, класcташтарымдын көпчүлүгү кыйналып жашаганы билинип турчу. Үстүндө түзүгүрөөк кийимдери жок, улуу эжелеринин эскирип калган кийимдерин кийген класcташ кыздарым көп болчу. Мага болсо апам соода-сатык иштери менен ар бир шаарга барып келген сайын жаңы, баалуу кийимдерден ала келчү. Оозумдан эмне чыкса, апам ошону аткарар эле. Сабактарымды да жалаң “5ке” окуп, мектептеги барктуу кыздардан элем. Ошол бактылуу күндөрдө жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүргөн эжемди турмушка узаттык. Агам үйлөндү. Той артынан тойлор болуп, шаңдуу, бактылуу күндөр өтүп жатты. Жаңыдан келиндин чайын ичип, жүзү тамылжып, апам ичинен кубанып жүргөнү байкалып турчу. Көрсө, бул апамдын акыркы бактылуу күндөрү экен. Дагы товар алып келем деп шаарга аттанып жаткан апам баарыбыздын бетибиздин өөп, карааны алыстап баратты. Ошону менен кайтып келбеди... 

Жол кырсыгына учурап, ошол жерден дароо каза болуптур. Апамды жоготуу биз үчүн абдан оор болду. Биз менен коштошуп кетип бараткан карааны көз алдыман кетпейт. Кечээ эле үйүбүздүн куту болуп жаркылдап жүргөн апам бүгүн таптакыр арабызда жок. Өзгөчө атам экөөбүзгө кыйын болду. Атамдын эч кимге көрсөтпөй ыйлап отурганын көп көрчү болдум. Ага кошулуп алып мен да буркурап-боздойм. Агам, жеңем, үйгө келип кеткен тууган-туушкандар бизге кайрат айтып, көңүлүбүздү көтөрөбүз менен убара. Акыркы күндөрү бул кайгыны көтөрө албай, атам ичкиликке көбүрөөк бериле баштады. Кээде мас болуп, таптакыр эле көчөдө жатып калат. Агам издеп жүрүп, ар кайсы жерден таап келет. Эртеси күнү “ичпе” деп экөө урушат. 

Бир күнү атам дагы жок. Январь айынын чыкыроон суук түнү. Издебеген жерибиз калбады. Досторунун, туугандардын үйүн калтырбай кыдырдык. Айлабыз түгөнүп, ар кимибиз өз ойлорубуз менен алпурушуп, мостойуп отуруп калдык. Бир убакта агам “силер жеңең экөөңөр уктай бергиле. Мен балдарга барып келейинчи” деп чыгып кетти. Түнкү саат 1-2лер болуп кетти. Ар кандай жаман ойлор келип, кыйналып жатып жаңы эле көзүм илинип кетиптир. Көп адамдардын кобурашкандарынан, ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Апам каза болгондо да ушинтип айылдаштарым жабылып келишкен. Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Чындап эле атамдан да айрылып калыппыз. Апамдын мүрзөсүнө бараткан жолдон атамды таап келишиптир. Аябай ичип алган атам жолдо жатып, суукка тоңуп калыптыр. Ошентип, апамдан айрылган соң жыл айланбай атамдан айрылып калдык.

Нурай АКЫЛБЕКОВА
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер