Айнуру Алтыбаева “саясый сойкулуктун” үлгүсүн көрсөтүүдө


Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева “Биримдик” партиясынын түптөөчүсү, ээси катары төш кагып, маектерди берип атканы коомчулуктун кыжырын кайнатты. Шайлоолордо эки миң добуш ала албаган депутат кайсы арына мактанат? Башта Айнуру Алтыбаева “Ар-намыстан” агарып-көгөрүп, кийин КСДПдан депутат болгону, эми “Биримдик” менен шайлоого аттанса, мунун өзү “саясый сойкулуктун” накта үлгүсү эмеспи? Айтор, партиянын курултайы өтпөй жатып кургуйга кетчүдөй сезилип, ансыз да бул топто коммерсанттар жыйналып атканы айтылып, канчалык бүдөмүк болгон сайын шек жаралууда. Кыскасы, эл арасында “Биримдик” партиясы аламанга аттанганга чейин эле каралана баштады. Мындай акыл-эстүү, алдыны көрө билгендер болсо башкача нукта аттанышмак да. Же эми ойлонушабы? Сактанып атышып, сазга тыгылып калышпайбы?..
Aryba.kg











