Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: “Көлбаев Кыргызстанда өтө таасирдүү фигура”

Айданбек Акматов: “Көлбаев Кыргызстанда өтө таасирдүү фигура”

12-март, 11:43
1 382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- УКМКнын аракети жөнүндө эмне айта аласыз? Ири чиновниктердин кармалып эле кайра чыгып кетүүсү эмнеге байланыштуу, же бул атайын ушундай саясатпы?

-- Ушундай саясат десек болот. Анткени Жапаров менен Ташиев бийликке келгенде “коррупционерлерди камап, бекер багып отурбайбыз. Андан көрө аларды кустурабыз” деп жарыялашкан. Ошондуктан айрым адамдар кармалып, кандайдыр бир сумманы төлөгөндөн кийин бошотулуп жатат.

Бирок коомчулукта суроолор көп жаралууда. Айрым учурларда  мурунку ири чиновниктер тандалма түрдө кармалып, алардын мүлкүн, бизнесин тартып  алуу аракети жүрүп жаткандай болууда. Мындай иш өлкөдө ишкерлерге, бай адамдарга терс таасирин тийгизип, алар байлыктарын, бизнесин чыгарып кетүүдө деген сөздөр көп жүрүүдө. Бул иштер  мыйзам талаптарын абдан катуу сактоо менен ачык түрдө жүргүзүлүш керек. Ансыз бийлик башындагылар “коррупцияга шектелип кармалгандардын жарым акчасын мамлекетке алып, андан көбүн өздөрү алып жатат” деген ар кандай сөздөр коомчулукта токтобойт. Бул сөздөр бийлик жүргүзүп жаткан күрөштү дискредитация кылууда.

-- АКШ Камчы Көлбаев тууралуу бериле турган маалыматка 5 млн. доллар койду. Муну кандай түшүнсө болот? Же бул кадам менен тийешелүү мамлекеттик мекеменин аны коё бергени туура эмес экенин көрсөтүүдөбү? 

-- Кошмо штаттар Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевге тыкыр көз салып жатат. Булар аркылуу Кыргызстандагы саясый кырдаалга да таасир этүү аракети байкалат...

Биринчиден, АКШнын бул саясатын туура кабылдасак, анда Вашингтон “Кыргызстан Көлбаевди камап, кылмыштын чеңгелинен чыксын, нормалдуу коом курсун деп жатат” деп түшүнүшүбүз керек.

Экинчи жагынан, АКШнын геосаясый кызыкчылыгын эске алсак, бул фигура Кыргызстанда өтө таасирдүү экенин билебиз. Алар аркылуу жалпы өлкөдөгү кырдаалга таасир этүүгө, керек болсо кырдаалды дестабилдештирүүгө болот.

Кыргызстан Россиянын эң жакын өнөгү болуп жатат. Россиянын эң жакын өнөгү болгон өлкөнү дестабилдештирүү – Россиянын тынчын алуу, Россиянын айланасында бейстабилдүүлүк орнотуу АКШнын кызыкчылыгында. Анткени Россия АКШнын эң бир айыгышкан атаандаштарынан, жоолашкан жоолорунан болууда.

-- Кадрлардын алмашуусу, башкача айтканда, октябрь окуяларынан кийин келген чиновниктердин дээрлик көпчүлүгү кызматсыз калганы эмнеден кабар берет? 

-- Октябрь окуяларынан кийин парламенттик шайлоого катышкандар, өзгөчө “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкандар бийликке келишти. Алар өкмөттө, жер-жерлерде таасирдүү жана маанилүү кызматтарды ээлешти. Андан кийин президенттик шайлоо болду. Президенттик шайлоо учурунда Жапаровго жакын болгондор аткаруу бийлигине келе баштады. Жапаров өзү каалагандай кадр дайындоого киришти, баарын өзү жасап жатат десек болот. Учурда өкмөттө Камчыбек Ташиевге өтө жакын адамдар гана калды. Калгандардын баарын кетирип, Жапаров өзүнүн адамдардын алып келди.

-- Кумтөр компаниясы аларды текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу тынчыздануу катын жолдоду. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?

-- Кумтөрдүн эмгек жамаатынын кайрылуусун окуп көрдүм. “Центерра Голд” өзүнүн эмгек жамааты аркылуу тынчсыздануусун билдирген экен. Алар үчүн ар кандай текшерүү жакпайт. Алар алып жаткан кирешесинен кол үзүп калуудан коркот, кирешесин мурункудай эле күрөктөп ала берүүнү көздөйт. Бирок, депутаттык комиссиянын натыйжалуу иштешине күмөнүм бар. Анткени буга чейинки комиссиялардын ишинен көп чуу чыккан, бирок натыйжа чыккан эмес. Бул ирет да ошондой болуп калабы деп чочуйм. 

Негизи, Кумтөрдө адилеттүүлүктү орнотуп, Кыргызстан кызыкчылыгын сактоого жетишүү өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө алтынга баа абдан жогору. Бир унций алтындын баасы бери дегенде 1800 доллардын тегереги болуп келди. Кумтөрдө өндүрүлгөн бир унций алтындын өздүк наркы 553 доллар. Байкап, эсептеп көрүңүз “Центерра Голд” эбегейсиз пайдага туйтунуп жатат. Ошол эле учурда биздин мамлекет бюджетинде акчасы жок, дарыгер, мугалимдерге 5-6 миң сомдон араң айлык берип мукурап отурат. Тышкы карыз кокодон...

“Центерра Голд” жыл сайын 17-20 тонна алтын сатып келатат. Бүгүнкү баа менен ал бюджетке болгону 80-90 млн. доллар гана салык төлөйт. Кирешеси болсо абдан көп. Маселен, жыл сайын Кумтөрдө 600 миң унцийдин тегерегинде алтын казып келди. 1 унций алтындын баасы өткөн жылдары 1800-1900 доллардын тегерегинде болуп турду. Демек, 600 миң унций 1800 доллардан сатылса, жалпы баасы 1 млрд. 80 млн. доллар болот. Төлөгөнү 80-90 миллион доллар гана...

Быйыл 510 миң унцийге чейин алтын казабыз деп пландашкан. Алтынга баа азыр бир аз төмөндөп, 1700 доллардын тегеринде болуп жатат. Мындай болгон күндө да бери дегенде 900 млн. долларга алтын сатышат. Кумтөрдө казылып алынган алтындын өздүк наркын жана алтындын базар баасын эсептеп көргөндө, “Центерра Голд” пайдага укмуш туйтунуп жатканы айкын. Мына ушул эсепти жакшы жүргүзүп, адилеттүүлүктү орнотуп, кыргыз мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын сактоого жетишүү абзел.

Кумтөр баш болгон алтын кендерде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгынын корголушу, алтын өндүрүшүнөн жок дегенде 50% таза алтындын казынага алынышы өзгөчө маанилүү. “Центерра Голд” сыяктуу акулалар болсо буга жол бергиси жок. Алар кызылдай кирешесинен ажырагысы келбейт. Ошон үчүн ар кандай кайрылууларды жасап, митаамданып жатышат...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер