Акыркы кабарлар
» Коом » Мирзиёев вируска кабылган дарыгерлерге 10 миң доллардан төлөнөрүн айтты
Мирзиёев вируска кабылган дарыгерлерге 10 миң доллардан төлөнөрүн айтты
27-март, 13:06

Өзбекстан бийлиги бейтаптарды эмдөө учурунда COVID-19 коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлерине 10,4 миң доллар (100 млн сум) өлчөмүндө жөлөк пул төлөйт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жыйын учурунда айткан.
Жыйында Мирзиёев, бейтаптарды эмдөө учурунда COVID-19 коронавирусун жуктурган медицина кызматкерлерине 10,4 миң доллар (100 млн сум) өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөрүн, ал эми ден-соолугун калыбына келтире албаган кызматкерлерге 26 миң доллар кенемте төлөнөрүн кошумчалаган.
Учурда коңшу Өзбекстанда 11 медицина кызматкери коронавируска кабылган. Алар вирусологиялык илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 75 адам.