Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ Жапаровго каршы иштеген Тербишалиев 180 градуска бурулганда

Кечээ Жапаровго каршы иштеген Тербишалиев 180 градуска бурулганда

21-апрель, 11:24
5 256 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2011-жылы депутат Садыр Жапаров Жогорку Кеңештен сот реформасын жүргүзүү демилгесин колго алып, комитетти жетектеп, мыйзамдарды жазып, келечекке карай акыйкаттык үчүн күрөшүүгө белсенет. Тилекке каршы, агездеги бийлик бут тосуп, кыянаттык кылганын эске салалы. 

Президенттин администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев жалданма митингчилерди тукуруп, саясый оюндарды баштайт. Ушундай ыплас иштердин аткаруучусу Данияр Тербишалиев Таластан, эмгек биржасынан адамдарды чогултуп келип, Акүй астында Садыр Жапаровго каршы кыйкырышып, мандатынан ажыратууну, кубалап жиберүүнү көздөшкөн да. Ачык эле тополоң салууга киришкендери ырас. Туруктуулукка шек жаратышып, Садырды “сары улактай” садага чабууга далалат жасашкан. Ошондо сот реформасына бут тосушканы, бийликти бир адамдын астына топтоо менен алек болушканы факт. Чоң саясатта жүргөн адамдар бул күндөрдү унутпашы керек. Өткөн чактын сабактары аркылуу эртеңки күнгө жол чабылат эмеспи.

Көрсө, агезде Данияр Тербишалиев жердеши Садыр Жапаровду “тепкилеп”, башкы төбөл Алмазбек Атамбаевге жагынуу, упай алуу үчүн чуркап жүргөнбү? Тагдырдын тамашасын кара, эми 180 градуска бурула баштаганын...

Кызыгы, 12 жыл мурун Садыр Жапаровго кыянаттык кылып, душманына айланган Данияр Тербишалиев учурда такыр башка адам. Бийликтин колдоосуна таянып, Ленин районунан депутат болууга ашыккан кербезиби? Ортого Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев баштаган депутаттарды салып, президенттик аппараттын жөлөк-таягы аркылуу мандатка жетүүнү көздөдүбү? Ушунча да кубулабы? 

Айрым депутаттар иш жүзүндө Арзыбек Бурхановдун “добросу” менен Данияр Тербишалиев үчүн иштеп жатышабы? Айтор, баары эле аралашып калгандай. Саясаттагы тазалык, моралдык жоопкерчиликти ушинтип тебелей беришеби? Таңгаласың... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер