Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шарт түзүп бере албаганынан көп көйгөйлөр жаралууда”

“Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шарт түзүп бере албаганынан көп көйгөйлөр жаралууда”

17-сентябрь, 08:00
357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда күз, бышыкчылык мезгил. Бирок азык-түлүктөр, жер-жемиштер кымбат болуп атканына кандай ой айтасыз? Өкмөт жалпы каатчылыкка, элдин кыйналган жашоосуна маани бербейби?

Умар Анарбаев:

-- Инфляция болуп, баалардын жогорулашы базар экономикасынын заманында мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз дүйнөлүк тенденциядан эч жакка кача албайбыз. Кымбатчылыктын эки тарабын айтып берейин. 

Азык-түлүк продукцияларын, эт азыктарын өндүрөт. Дыйкандын мээнети акталып, пайдасын көрсө, кымбатчылык болуп жатканы жакшы деп эсептейм. Себеби, базарда мал кымбаттап, малчылардын мээнети жанышы ыктымал. Дыйкан өндүргөн жер-жемиш, эгин-тегиндери жыйнаган маалда жакшы баада сатылып, мээнети кайтат. Менин баамымда, кымбатчылыктын пайдасын дыйкан көрбөй жаткандай. Айтайын дегеним, дыйкан арзан сатып, ортомчулардын айынан кымбатчылык болуп жатат. Эт да, башка нерсе деле ортомчулардын айынан кымбаттап атат. Мисалы, Таласта төө буурчак азайып, элдин көбү эгин экти. Быйыл эмнегедир Таласта буудай арзан, жылда 20 сомдон кем эмес сатылса, азыр 15 сом болуп калды. 

“Базар экономикасында суроо-талап колдонуучуга жараша болот” дегендей, эмненин түшүмү көп болсо, ошол нерсе арзан болуп калары белгилүү. Бирок, өкмөт кандайдыр бир чара колдонуп, дыйкандын мээнетин эске алып, орто жолдон кымбаттатып жибергендерди көзөмөлдөшү керек. Тилекке каршы, андай аракеттер көрүлгөн жок. 

Эт азыктары Бишкекте көтөрүлүптүр. Сырттан заказ келип, чет мамлекеттер менен этти экспорттоо боюнча келишими түзүлгөн болсо жакшы. Бирок, өкмөт ортомчулар элден арзан алып, башкаларга кымбат сатканын да көзөмөлдөп койсо ашыкча болбойт эле. Айтайын дегеним, өкмөт, монополияга каршы комитети иштеп, өндүргөндөрдөн арзан алып, кымбат саткан ортомчуларга бөгөт коюп,  чечкиндүү кадамдарга барышса дейт эле. Этти сыртка экспорттоо келишимдерин өкмөттүн деңгээлинде түзсө, дыйкандар да өндүргөн продукциясынын өтүмдүүлүгүн сезип, мээнети акталмак.

Доллар көтөрүлгөндө интервенция жүргүзүп, Улуттук банк сомдун курсун сактоо үчүн тобокелге барып, доллар чыгарып, элге камкордук көрөт. Ошол сыяктуу айыл чарба министрлиги да заготовка кылган кампаларды ачышы керек. Мисалы, Таласта төө буурчак алуучулардын баары жеке менчик фирмалар. Алар дагы ортомчулар аркылуу иштешет. Ошентип, дыйкан өндүргөн төө буурчак 4-5 колдон өтөт. Баасы көтөрүлбөйт. Себеби, пайдасын ортомчулар эле көрөт. Эмнегедир өкмөт, айыл чарба министрлиги көзөмөлдөп, дыйкандын мээнети акталгыдай иш-чара жасай албай коюшту. Себеби, мыкты жетекчиге жарыбадык. Көп министрликтерде ушундай аракетсиздик орун алууда. Компетенттүү, кесипкөй жетекчилер ар бир структураларда болушу керек эле, андай болбой жатат.

Дыйкандардын мээнетин талаага кетирбей, мамлекет, өкмөт жоопкерчиликти мойнуна алып, элдин камын көрүп, камкордукка алып, реформа жасашы зарыл. Улуттук банк долларды интервенция кылып, тобокелге баргандай айыл чарба азыктарынын баасы боюнча да чоң программа иштеп чыгып, реформа жасаш керек. Өкмөт ар кайсы салыктын түрүн ойлоп таап, бюджетти толтурушту эле эмес, элдин турмушун жакшыртышты да ойлонушу керек. Мисалы, президент жарым жыл сайын инфляцияга каршы күрөштүн механизмин иштеп, улам пенсияны жогорулатып жаткандай, дыйкандардын да мээнетин эске алган, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алган механизм ойлоп табуу – күндүн талабы. Эмнегедир өкмөт кечигип, аксап калгандай. Көп учурда бир кадам алдыга таштабай, эки кадам артка таштап жаткандай туюлат. Эң негизги күнөө айыл чарба министрлигинде. Ошолордун чабалдыгынан, дыйкандарга шарт түзүп бере албаганынан көп көйгөйлөр жаралууда.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Быйыл, былтыркы жылы деле күзүндө малина менен кулпунайдан башкасынын баары кымбат болгон. Анүстүнө соодагерлер соода кылганды үйрөнүп алып, баардык жерде тобу менен иштешет. Тагыраагы, бир бааны карманышып, кымбат сатышат. Өкмөт баага киришсе жакшы болмок. Айыл чарба министрлиги менен монополияга каршы кызматы жок дегенде айыл чарба продукцияларынын баасын көзөмөлдөшсө, мынчалык кымбатчылык жаралмак эмес. Менимче, каатчылыкты дыйкандар эмес, ортомчулар жасап жатышат. Алардан арзан алып, кымбат сатышууда.

Мүмкүн айдоо жердин баарын басып алып, үй салып алышкан үчүн да жашылча-жемиштер кымбаттап жаткандыр. Себеби, суу тартыш, жерлер азайды, жер-жемиштин кымбаттаганы да ошондон го. Сатып алуучулардын суроо-талабы бар, бирок базар чөйрөсү ыраатсыз. Өкмөт да киришпей жаткандай. Биз деле 60-80 сомго бадыраң, помидор сатып жеп атабыз. Баары эле кымбат. Арзан эч нерсе жок. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер